Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаттары аталды


Норвегиянын Илимдер падышалык академиясы бүгүн АКШнын мурдагы вице-президенти Алберт Горду жана БУУнун Климаттык өзгөрүүлөр боюнча өкмөттөр аралык
адистер тобун Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаттары деп атады. Байгеси 1.5 миллион доллар болгон Тынчтык премиясы ушуну менен бешинчи жолу ыйгарылып жатат. Норвегиянын Нобель комитетинин төрагасы Ол Данболт Мжоус Ослодогу Нобель институтунда маалымат жыйынын өткөрүп жатып аталган топтун жана Гордун салымын өзгөчө белгиледи :

- Норвегиянын Нобел комитети БУУнун Климаттык өзгөрүүлөр боюнча өкмөттөр аралык адистер тобу менен Алберт Арнолд Гор мырзага адамзаттын иш-аракетинин айынан келип чыккан климаттык өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты чогултуп, коомчулукка кеңири жайылтуу жаатындагы аракеттери жана мындай климаттык өзгөрүүлөрдү болтурбоонун алдын-алуу чараларына пайдубал тургузуп беришкендиги үчүн 2007-жылдын Нобел Тынчтык сыйлыгы тепе-тең бөлүнүп берилсин деп чечим кылды.

Экономика тармагы боюнча Нобель сыйлыгынын быйылкы жеңүүчүсү келерки дүйшөмбү белгилүү болот.

XS
SM
MD
LG