Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

БИШКЕКТЕГИ АЙТ НАМАЗ


12-октябрда Бишкектеги эски борбордук аянтта орозо айт намазы окулду. Намаздын алдында мусулмандарды диний жетекчилер, мамлекеттик кызмат адамдары, чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилик өкүлдөрү кызуу куттуктап сөз сүйлөштү.

Намаз алдында Кыргызстан мусулмандар муфтийи Мураталы-ажы Жуманов жалпы мусулмандарды куттуктоо менен, узун сабак масала айтып, анын ичинде орозо айтынын маани-маңызына да токтолду. Анын айтуусунда, ыйык айт майрамы күнү Жараткан пенделердин күнөөлөрүн көп кечирет, дубаларды кабыл кылат.

Мураталы-ажы Жуманов Кыргызстанда айт-намаз окуу шартынын түзүлүшүнө өтө жогору баа берип, балким кыргызстандыктар гана борбор шаардын ушундай чок борборунда айт намаз окуу бактысына ээ болуп жаткандыр деген оюн билдирди.

Андан кийинки куттуктоо сөздү Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Досбол Нур уулу алды:

- Урматтуу калайык-журт! Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан, Кыргыз өкмөтүнүн атынан сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктап кетмекчимин. Катарыбыз минтип жылдан-жылга жаштар менен көбөйүп, сабырдуулукка, адепктүүлүккө, ыймандуулукка оогонубуз жакшы нерсе.

Орозо айтынын алдында жаңы эле ишке киришкен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов да мусулмандарды айт майрамы менен кызуу куттуктап, орозо айтынын баалуу жактарын белгиледи. Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мухаммад Риза Сабури болсо куттуктоо сөзүндө согуш коркунучунда турган мусулман өлкөлөрү үчүн тынчсызданды. Аларда да тынчтык болушун тилеп дуба кылууга чакырды.

Куттуктоону Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчисинин орунбасары Ли Лисенбергер, Пакистандын кыргызстандагы элчиси Мухаммад Аалам Бурахи, Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсеттдин Үнал мырзалар улантты.

Андан кийин сапан-сап айтылып, муфтий Мураталы-ажы Жумановдун имамдыгы менен аянтка чогулган мусулмандар айт намазына жыгылышты. Айт намазы Улуттук 1-телеканалдан жалпы кыргызстандыктарга түз алынып көрсөтүлдү.

Бүгүнкү айт намазына эл адаттан тыш көп чогулгандыгын да белгилей кетели. Жогорку Кеңеш имаратынын алдындагы аянтка батпай, имараттын батыш, чыгыш капталдарына, сейилбактарга чейин толуп кеткен. Муфтий Мураталы-ажы Жумановдун божомолу боюнча, намазга 100 миңдей адам катышты.
XS
SM
MD
LG