Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

ӨЗБЕКСТАН: ЕВРОБИРИМДИК ГАЗДЫ ТАНДАЙБЫ ЖЕ АДАМ УКУГУНБУ?


Евробиримдик 15-октябрга карай Өзбекстанга Анжияндагы кызыл кыргынга байланыштуу киргизилген санкцияны күчүндө калтыруу же алып салуу маселесин чечиш керек. Бирок, бир тарап Ташкент менен жандуу кызматташып туруу үчүн санкцияны жеңилдетүү зарыл санашса, экинчи жак Өзбекстанда адам укугу жакшырмайынча, андай кадымга барууга болбосун айтып, биримдиктин мүчөлөрү бир бүтүмгө келе албай жатат.

170тен ашуун адамдын каны төгүлгөн 2005- жылкы Анжиян чатагынан кийин Брюссель айрым өзбек жетекчилеринин Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө кирүүсүнө тыйуу салып, Өзбекстанга курал сатууну токтоткон. 15- октябрда биримдик виза режимин мындан ары колдонуунун зарылдыгын чечиш керек. Бирок, уюм мүчөлөрү бир пикирге келе албай жатат. Уюшманын болчок жана учурдагы төрагалары Германия менен Португалия башындагы өлкөлөр виза бербөөнү алты айга токтотуп, абалды байкап көрүүнү сунуш кылышууда. Анын жүйөсүн “Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысы Аахто Лобякас мындай түшүндүрөт:

- Евробиримдиктин бир катар мүчөлөрү Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташууну өнүктүрүү зарыл деп санашат. Анткени, биримдик отун энергиясына муктаж жана чөлкөмдүн чордонундагы көп калктуу Өзбекстан менен алака курбай, Борбор Азия өлкөлөрү менен жакшы мамилеге жетишүү мүмкүн эмес дешет алар. Алардын пикиринде, виза режимин жеңилдетүү Өзбекстанга эшикти ачык кармап, өз ара мамиледе болууга өбөлгө түзөт.

Өзбек министрлерине виза берүүнү жеңилдетүүгө дилгир топтун ичинде Германия жана Португалиядан башка да Франция, Испания, Италия, Грекия, Венгрия, Польша сыяктуу өлкөлөр бар. Алар Ташкент менен кызматташпасак, кытайлык жана россиялык энергокомпаниялар алга өтүп кетет деп да чочушат.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн экинчи тобу Өзбекстандагы адам укугун абалы жакшырбаганын, төмөнкү даражалуу өзбек чиновниктери менен үзүл- тазыл болгон сүйлөшүүлөр натыйжа бербегенин, адам укугу боюнча жыл башында өткөн төмөнкү деңгээлдеги сүйлөшүүдөн бери эки ортодо эч кандай диалог болбогонун айтышууда. Британия, Нидерландия, Швеция жана Ирландия курамындагы бул топ, ошондой эле, жакында абактан бошотулган саясый туткундар ырасмий түрдө акталбаганына көңүл бурушуп, Өзбекстанга сакцияны жеңилдетүү региондогу башка өлкөлөрдүн адам укугун тепсөөсүнө жол ачат деп кооптонушат. Декбардагы президенттик шайлоо да адилет өтөөрү күмөн болуп жатканда, Өзбекстандын чет өлкөлөрдүн банктарындагы эсебин тоңдурганга чейин баруу зарыл деп санашат алар.

“Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысынын билдиришинче, ырасмий өкүлдөрдүн үстүбүздөгү аптадагы үч жолку жыйыны натыйжа бербеди. Ошон үчүн, Өзбекстанга Анжиян окуясынан соң киргизилген санкциянын тагдыры Евробримдиктин тышкы иштер министрлеринин 15- октябрда Люксембургда болчу кездешүүсүндө чечилет сыяктанат.

XS
SM
MD
LG