Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Нобель тынчтык сыйлыгы АКШнын мурдагы вице- президенти менен БУУнун алдындагы эксперттер тобуна ыйгарылды


2007-жыл үчүн Нобель тынчтык сыйлыгы АКШнын мурдагы вице –президенти Альберт Гор менен Улуттур уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттик тобуна ыйгарылды. Бул тууралуу Нобель комитетинин төрагасы Оле Мжоес бүгүн Норвегия борбору Ослодон жарыялады:

-Норвегиянын Нобель комитети Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун өкмөттөр аралык эксперттик тобу менен Альберт Арнольд Гор мырзага климатта адамзаттын иш аракетинен улам келип чыккан өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты чогултуп, коомчулуккка кеңири жайылтуу жаатындагы аракеттери жана мындай өзгөрүүлөргө каршы алдын –алуу чараларына пайдубал түзүшкөндөгү үчүн 2007-жылдын Нобель сыйлыгы тең бөлүнүп берилисин деп чечти.

Ушуну менен быйылкы Нобель сыйлыгын бешинчи лауреаты белгилүү болду. Ал эми экономика жаатындагы Нобель сыйлыгынын быйылкы ээси алдыдагы дүйшөмбүдө жарыяланат.

XS
SM
MD
LG