“Арнамыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиевдин айтымында, бийлик өз партиясын Жогорку Кеңешке өткөрүп, ал аркылуу каалаган мыйзамдарды кабыл алып, өкмөттү шайлап, кээ бир сотторду дайындоо мүмкүнчүлүгүн алат. “Бул демократиялык көрүнүш эмес. Биз башка өлкөлөрдү туурайбыз деп аракет жасайбыз, бирок Кыргызстанда ал аракеттер таптакыр башкача болуп өзгөрүп калат”,-деп билдирди “Азаттыкка” Эмил Алиев. Саясатчынын пикиринде, өз максатын ишке ашыруу үчүн бийлик өкүлдөрү башка партияларга түрдүү чектөөлөрдү койду. (ZMa)