Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:01

14:21 Р. Акназарова: Кыргызстанда элүү пайыздан көп добуш ала турган күчтүү партия жок


“Эл ынтымагы” партиясынын лидери Роза Акназарованын айтымында, ушул тапта Кыргызстанда 104 партия болсо, анын жыйырмасы гана иштеп жатат. “Шайлоого катышуу үчүн партиялар 500 миң сом күрөө коюш керек. Бирок бул өтө көп акча. Кичинекей партиялар бийликке келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады”,-деп билдирди “Азаттыкка” Р. Акназарова. Партия лидеринин баамында, жалпы шайлоо тизмесинен беш пайыз добуш алуу үчүн партиялар шайлоого келгендердин кеминде он пайызга жакын добушуна ээ болушу керек. “Бул өтө кыйын чектөө. Президент Бакиев референдум тууралуу буйругуна өзгөртүү киргизсе, көпчүлүк партиялар үчүн бир кыйла жакшы шарт түзүлмөк”,-деп кошумчалады Р. Акназарова. (ZMa)

XS
SM
MD
LG