Бишкек ТЭЦи 1961-жылдан бери иштөөдө. Андан тышкары шаарда 24 майда жылуулук берүүчү жайлар бар. Азыркы тапта алардын 8и гана иштейт. Шаарга жылуулук бериш үчүн жылуулук берүүчү электр станциясында кыш мезгилинде 600 миң тонна көмүр, 250 млн. куб. газ жагылат жана 700 миң тонна күл түшөт дешет адистер.
Бул станциялар абага ондогон тонна күл чаңдарын, күкүрт кычкыл газынын кошулмаларын чачып турат. Алар нормадан ашпашы үчүн филтирлөө ар дайым көзөмөлдөн өтүп турат дейт Чүй-Бишкек аймактык айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгынын көзөмөлдөө инспекциясынын башчысы Максат Абдылдаев:
- Бүгүнкү күндө иштеп жаткан мештер боюнча контрол жүрүп турат, жылына бир жолу текшерилет. Ар бир меште өзүнүн филтири турат, ошолор эффективдүү иштеши үчүн ар дайым лабораториялык көзөмөл жүргүзүлүп турат. Бүгүнкү күндө иштеп аткан мештердин филтирлери нормада.
Анткен менен өнөр жай ишканаларынын тегерегинде, өзгөчө кыш мезгилинде жылуулук элетр станциясынын жана ар жерде жайгашкан майда жылуулук берүүчү жайлардын иштеши Бишкек шаарындагы аба катмарынын булгануусуна алып келет деген оюн ортого салды Кыргыз улуттук университетинин физика-география кафедрасынын башчысы, профессор Жумакадыр Карамолдоев:
- ТЭЦ эскирип баратат, технологиясы илгерки эле. Күнүнө 2 миң тоннадан көмүр жаккандан кийин, көптөгөн заттар, гиоксид, фармальдегид, чаң чыгат. Ошонун баары тургундарга зыян келтирет. Бишкекте шамалдын ылдамдыгы кичинекей болгондуктан желдетип турбайт. 0-3 метр секундасына болгон шамалдын кайталанып туруусу 90 пайызга барабар экен. Демек чыккан түтүндүн бары ордунда сакталып калып, ар кандай өпкө оорулары көбөйүп атат, бул жашыруун эмес.
Ошондой эле Жумакадыр Карамолдоев шаардагы жылуулук берүүчү станциясы туура эмес жерде жайгашканын кошумчалады:
- Бизде аба ырайы негизинен түндүк-батыш аба массасы менен калыптанат. Ошону ойлоп ТЭЦ Бишкектин чыгышында турчу. Ал эми үстүнкү катмар 200 метр тескерисинче жүрөт экен. Ошон үчүн ТЭЦтен түтүн чыкса кайра батышты көздөй кетип атат. Туура эмес жайгашып калыптыр, - деди Жумакадыр Карамолдоев.
Ал эми жылуулук берүүчү ишканалардын зыяны канчалык деген суроо менен кайрылып, айрым Бишкек шаар айрым тургундарына микрофон сунганыбызда, алардын пикири мындайча болду:
- Менин атым Майрам. ТЭЦтин иштешинин зыяндуу жактары көп. Башка жактарга көп билинбейби билбейм, биздин жашаган Каражыгач жаңы конушунда, жөнөкөй эле нерсе, кир жууп жайганда ТЭЦтен чыккан түтүн кайра кир кылып салат. Аба менен демелганда мурдуңан да кирет. Аябай зыяндуу.
- Менин атым Токтоболотов Жүрсүнбек. ТЭЦ жарым кылымдан бери иштеп атат. Адамдарга, өсүмдүктөргө кандай зыян келтирип атат. Таза тамак жей албай калдык.
- Менин атым Акылай. ТЭЦ зыян эмес. От жашылып атканы жакшы, үйлөргө жылуулук берип атат, фильтрациясы да бар. Ал эми шаар боюнча ар бир түтүн от жакса абдан зыян болмок, - мына ушундай пикирлерин айтышты айрым Бишкек шаар тургундары.
Совет доорунда Бишкек шаарынын батышына ТЭЦ-2 курула баштаган эле. Ал азырынча ишке кирише элек. Анын себебин Чүй-Бишкек аймактык айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башчысы Мурадил Айткулов мындайча түшүндүрдү:
- Завод, фабрика болбогондон кийин 24 котелдун ичинен бүгүнкү күнү 8и гана иштеп жетишип аткандан кийин, ал ТЭЦ-2 боюнча эч кандай жандандыруу жумуштары азырынча жок.
Нарын облусунда жайгашкан Каракече кенинде жылуулук электрстанциясын куруу боюнча долбоор өкмөткө Борбордук Азиядагы суу энергия ресурстарын изилдөө институту тарабынан сунуш кылынган эле. Анда станция Каракечеден 30-40 чакырым алыстыкта жайгашаары, ошондой эле 1600 адам жумуш орду менен камсыз болоору айтылган. “Тоо кен өнөр жай” ассоциациясынын башчысы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, бул станция курулган учурда да экологияга келтирүүчү зыяны көп дейт:
- Мындай жылуулук электр станцияларды мүмкүн болушунча курбаш керек. Анткени дүйнөлүк жылуулук болуп аткандан кийин, ушуга каршы болот. Экинчиден, Жумгал өрөөнү тар жерде. Эгерде ушундай ири станция курсак, биз ошол райондун экологиясын бузабыз. Экономика жагынан деле эч кандай пайдасы жок, - деди Орозбек Дүйшеев.