Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Ирактагы согушта карапайым адамдар арасындагы жоготуулар боло берет


Ирак өкмөтү согушкерлерге каршы согушта карапайым адамдар арасындагы жоготуулардан качып кутула албайсың деген оюн ортого салды. Өкмөттүн маалымат катчысы Ассошейтед Пресстин кабарчысына америкалык чабуулдан каза тапкан 15 аял менен жаш баланын өлүмү “өтө өкүнүчтүү”, бирок чөлкөм козголоңчулардын базасы катары белгилүү деди. 11-октябрда Тартар көлүнө жакын жерде өткөрүлгөн операция «ал-Каиданын» жогорку жетекчилерин бутага алган. Карапайым адамдардын америкалык аскрелердин колунан каза таап жатышы көптөн бери жергиликтүү элдин катуу нааразылыгын жаратып келатат.

XS
SM
MD
LG