Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:12

10:00 Бүгүн Каракулжада жана Араванда шайлоо жүрүп жатат


№36 Каракулжа жана №50 Керметоо шайлоо аймактарында КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Шайлоо эртең мененки саат 8:00 башталып, кечки 20:00 чейин созулат. Облустук кабарчыбыздын маалыматы боюнча азырынча шайлоонун жүрүшү жай, шайлоочулардын катышы солгун болууда. Жалпы шайлоочулардын саны - Каракулжада 37 499, Араванда 43 154. №36 Каракулжадан төрт, ал эми №50 Керметоо шайлоо окуругунан алты талапкер катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG