Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

ЭМГЕК МЕНЕН ЭРЕСЕГЕ ЖЕТКЕН ЫРЧЫ


Кыргыз эле эмес, чет өлкөлүк угуучуларга таанылган залкар шайырлар Мусанын, Атайдын жана башка обончулардын ырларын жаңы аваздык боектордо ырдаган жаш ырчы-аткаруучу, бир нече жолку эл аралык сынактардын, фестивалдырдын лауреаты Токтобек Асаналиев менен кабарчыбыз Балбай Алагушов маектешкен.

Болоюн сенин Боогачың
(обону К.Рыскуловдуку. Сөзү А.Рыскуловдуку)

Алмашып күзгө жашыл жай,
Атбашы агат шышылбай
Ат кечпей суунун ачымын
Арманым аттын башындай.

Атбашы айтсам ашырбай,
Арманым аттын башындай!
Ардагым менин көрсөтчү
Аркы өйүз жакка жашырбай.

Алыстан арзып мен келдим,
Адашкан тайлак өңдөнүп
Аркы өйүз менен берки өйүз
Атбашы неге тең бөлдүң?

Боз булут чалып тоо башын
Бойлобой турам, ооба чын
Боздотуп койсоң Атбашы
Болоюн сенин Боогачың.

Азыркы сиздер үзүндүсүн уккандай тек гана өзүнө мүнөздүү өзгөчө аваздык көркөм боектор менен шөкөөлгөн мукамдуу обондору менен жаңы гана кыргыз угуучуларынын оозуна кирип, алкоолорго алынып келе жатканда “Өйдө тартса өгүз, ылдый тартса араба сынган” бүгүнкүдөй баш-аягы жок замандын запкысынан өз өмүрүн өзү кыйган обончу-ырчы Калмурат Рыскуловдун “Болоюн сенин Боогачың” аттуу ыры. Сөзү акын Акбар Рыскуловдуку. Ал эми ырдын азыркыдай ажарын ача, маңызын байыта өлбөс өмүр бере ырдаган жаш ырчы-аткаруучу Токтобек Асаналиев. Ал аска-зоокалары асман мелжиген Теңиртоонун Атбашы чөлкөмүндөгү Ачакайыңды айылында койчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Токтобек эс тарткандан жайы, кышы кой жайып, козу кайтарып, зериккенде катардагы айылдык балдардай эле ар кандай маңыздагы ырларды ырдайт. Ал келечекте бүгүнкүдөй ырчы болом деп үзүлүп да түшпөйт. Ошондой болсо да комуз үйрөнүп, анын коштоосунда ырларды ырдай баштайт. Токтобек айылдык орто мектепти бүтүп жатып, кайсы окуу жайына кирсем деп, ары ойлонот, бери ойлонот. Акыры эмне болсо ошол болоюн “таш түш таалайымдан көрөйүн” деп Кыргыз Улуттук консерваториясынын аваздык (вокалдык) факультетине документтерин тапшырат. Бак айтып консерваторияга өтөт. Аны 2002-жылы ийгиликтүү бүтүрөт. Азыркы күндө жаш ырчы өзү окуп бүткөн окуу жайында мугалим болуп иштөөдө. Токтобек ыр дүйнөсүнөн бактысын кандайча тапканы, көшөрө эмгектенсең гана эресеге жеткени жөнүндө ал мындай деди:

- Мен атам ырчы, кошунабыз кошокчу, энем ооз комузчу дегенден алысмын. Себеби менин эне-атам ырчы, комузчу эмес, карапайым адамдар эле. Профессор Улукмырза Полотов айткандай мен ыр дүйнөсүнө 99 пайыз эмгек менен кирдим. Анткени бир пайыз талант болушу мүмкүн. Ал дагы балким жоктур. Бирок эң негизгиси күндүр-түндүр фортепианого асылып, кыйкырып-өкүрүп атып таза гана эмгектин аркасы менен бүгүнкүдөй ырчы болдум десем жаңылышпаймын. Эмгек, эмгек жана эмгек гана эресеге жеткирет экен.

- Токтобек мырза, өздүк репертуарыңда улуу, орто муундагы жана өзүң менен замандаш обончулардын ар кыл темадагы ырлары бар. Алардын ичинен бүтүндөй жан дүйнөң менен берилип, эргип ырдаган ырларың барбы?

- Улуу муундагы обончулардын ичинен Атай Огомбаев менен Муса Баетовдун ырларын өзгөчө эргип ырдайм. Айрыкча Атайдын “Жаштаргасын”, Мусанын “Даанышманын”, “Сагынамын” аттуу ырларын өздөрүнүн ыкмасында ырдоого аракеттенем. Ошентип, ата-бабаларымдын мурастарын көздүн карегиндей сактап, келечектин муунадарына жеткиришибиз керек.

Жаштар

(Обону Атайдыкы. Сөзү Шекербек Шеркуловдуку.)

Булбулдар сүйөт гүлдөрдү,
Муңайым добуш үндөрдү
Бурула басып сырдашып
Шайырдуу жыргал күндөрү.

Ойноп гүлгөн күнөбү,
Ойнобой жаштар жүрөбү
Оюнда сырын айтсам деп,
Жаштын ошондо болот тилеги.

Жаштыкты кандай ойлойсуң,
Сен алтын жаш суусардай жайлоосуң
Жакындап чалма саларда,
Жазгы таңдай ойнойсуң!

Айраны кенен, кымыз мол,
Малдуу, дандуу жерибиз
Жигити шайыр, кызы алтын,
Кымбаттуу кыргыз элибиз.

- Токтобек мырза, элдик жана Атайдын, Мусанын ж.б. залкар обонулардын ырларын курдаштарыңдын арасында ырдаганда алар кандай кабыл алышат. Ал эми элдик ырларды калың калктын алдында ырдап жатканда, өзүңдү кандай сезесиң?

- Бир жолу отурушка барып калсам курдаштарым “сен абышкаларды туурап ырдай баштадың” дешип калышты. Чынында туура баа беришкен. Агайым Улукмырзага келип, курдаштарым абышкаларды туурап ырдайсың дешип күлүшүп шылдыңдашты десем, - Атаңдын оозун урайын ал ата-бабалардын таштап кеткен көөнөрбөс мурастары. Аларды ырдабаган, билбеген адамдар чейинден чыккан адамдар болот. Ошондуктан элдик ырларды ырдашың керек- деди. Мен эски ырларды ырдаганда жүрөгүм толкуп, кадимкидей кубат алып алгандай болом. Ал эми азыркы обончулардын ырларын ырдаганда өзүмдү коомай сезем.

Тяньшань

Байлыкка мол Ата мекен
Жүрөккө бардыгынан жакын экен.
Тяньшань! деген бир сөз ойго түшсө,
Мээ сергип, медер кылып толуп кетем.

Жеримдин суусу-дары. Таштары – алтын.
Жыргалда, эркиндикте жашайт калкым,
Таалайга тандап туруп жаралгансып,
Тяньшань кышта жылуу, жайда салкын.

Ар дайым алыс жүрсөм сагынамын,
Ардагың артык мага Тяньшаным!
Көңүлдү көтөрүлткөн көрк эмеспи?
Ителги имерилген көк асманың.

- Токтосун мырза, мен билгенден консерваториянын төртүнчү курсунда окуп жүргөндөн баштап чет өлкөлөргө гастролдорго чыга баштадың. Кайсыл өлкөлөрдө болдуң. Бейтааныш угуучулар кыргыз ырларын кандай кабыл алышат. Четөлкөлүк залкар музыканттар менен жолуга алдыңбы?

- Мен Америкага ырчылар, комузчулар менен эки жолу гастролдо болдум. 4-курста окуп жүргөндө Вашингтон, Техас, Мусри, Индияда ж.б. шаарлардын көрүүчү-угуучуларына бир жарым ай концерт бердик. 2002-жылы Америкага шайырлар З.Иманалиев, К.Кубатова, Н.Нышанов, Н.Абдрахманов ж.б. экинчи жолу гастролдо болдум. Мындан башка Германияда, Монголияда, Кытайда жана КМШ өлкөлөрүндө, Казакстанда,Өзбекстанда ж.б. гастролдо болдум. Өзүңүз билгендей дүйнөлүк ысымдагы виолончелчи Иома менен жолуктум. Вашингтондон Имонын колунан алган дипломум бар эле. Турмушта баарыбыз жаңылат экенбиз. Келинчегим менен ажырашып бөлүнүп чачылганда ошол эң баалуу дипломум өрттөнүп кеткенби таппай калдым. Ушул мен үчүн өтө өкүнүчтүү. Ал эми Вашингтондо улуу музыкант Иома менен бирге бир сахнада концерт бергениме кубанамын. Бейтааныш угуучулар музыканы жакшы кабыл алышат. Эгер өзүң чын жүрөктөн ырдасаң, аларга сөзсүз жетет.

- Эми Токо, баардашканыңа чоң ырахмат. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Бар бол!
XS
SM
MD
LG