“Атамекен” партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетовдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча ЖК депутаттыгына айрым талапкерлер шайлоодо бийлик ресурстарын колдонууга аракет жасоодо. “Ош шаарынан күч органдарынын көп сандагы кызматкерлери жана студенттер апкелинип, добуш берүүгө киргизилип жатат,”- деп билдирди Бакыт Калпетов. Бул маалымат боюнча Каракулжа аймактык шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Нуржамал Чобоевага кайрылганыбызда, ал жогоркудай мазмунда жазуу түрүндө арыз түшкөндүгүн, анын негизинде атайын комиссия түзүлүп, Биймырза шайлоо участогуна жиберилгенин маалымдады. Саат 13:00 карата алынган маалымат боюнча шайлоочулардын 20,49% келип добуш беришкен. (ZKo)