Улуттук филармонияда өтчү бул жыйынга президент Курманбек Бакиевдин да катышаары күтүлүүдө. Жыйынга саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, депутаттар чакырылып, жалпысынан миңден ашуун адам катышаары кабарланып жатат. Анда кыймылдын үч жумадан бери жүргүзүп жаткан ишинин жыйынтыгы чыгарылмакчы. Аталган кыймылдын курамына азыр «Содружество», «Авангард», «Санжыра», «Либералдык-прогрессивдик» жана «Эмгек жана Биримдик» партиялары кирип, мүчөлөрүнүн саны учурда 11 миңге жеткен. Айрым серепчилер болсо бүгүнкү жыйындын алкагында бир катар партиялар жана уюмдар президентчил жаңы партияга биригиши мүмкүндүгүн болжошууда. (SM)
7:00 Бишкекте бүгүн «Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн» кыймылынын республикалык форуму өтөт