Кремль 15-16-октябрга белгиленген Ирандагы сапары маалында президент Владимир Путиндин өмүрүнө ыктымал кол салуу даярдалганын билдирди. Интерфакс агенттиги Орусиянын коопсуздук кызматына шилтеме берип кабарлагандай, жанкечти террорчулар Путинди өлтүрүп, же уурдап кетүүгө машыктырылган. Ирандын тышкы иштер министрлиги бул кабарды четке кагып, аны Тегерандын душмандары үчүн гана пайдалуу психологиялык чабуул деп сыпаттады. Кремль азырынча Путиндин 16-октябрга белгиленген Ирандагы сапары убагында башталаарын маалымдоодо.