Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:14

10:40 Референдумдун алдында милициянын иши күчөтүлөт


ИИМ басма сөз кызматы кабарлагандай 19-октябрдан 22-октябрга чейин милициянын бардык кызматкерлери жана ИИМ ички аскерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет. Министрликтин алдында өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдын абалы тууралуу маалыматтар үчүн атайын штаб ачылып, иштей баштады. Ошондой эле тартип сакчылары административдик имаратттардын, элчиликтердин, чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн жана шайлоо участокторунун коопсуздугун кайтарууга алышат. Мындан тышкары 15-17-октябрь күнү “Укук тартиби” деп аталган атайын рейддер өткөрүлөт, деп билдирет ИИМ маалымат кызматы. (ZKo)

 

XS
SM
MD
LG