Аталган институт кытай окуу борборлору бар университеттердин бирөөсүндө түзүлүп, анда Кытай мамлекетинин маданияты, тарыхы жана философиясы изилденмекчи. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда азыр Кытай билим берүү министрлиги менен мындай институтту ачуу, уюштуруу маселелери такталып жатат. Конфуций институтун ачуу демилгеси Бишкекте өткөн ШКУнун саммитинде көтөрүлгөн. (EBM)