Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Дамира Юсупова маалым кылды. Баткенде беш жашар баланы кутурган ит тиштеп, ал өткөн ишембиде каза тапкан. Анын өлүмүнө медицина кызматкерлери күнөөлүү деген арыз менен өлгөн баланын чоң энеси милицияга кайрылган. Облустук милиция бул окуя боюнча тергөө жүргүзүп жатат. (SA)