Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

7:08 Балыкчы шайлоо округундагы талаш боюнча бүгүн сот чечими чыгат


Бул округда жекшембиде Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун экинчи айлампасы өтүп, талапкер Максат Абакиров 50 пайыздан ашуун добуш менен алдыга чыккан. Бирок анын атаандашы Кубанычбек Кадыров айрым участоктордо мыйзам бузуулар болду деп сотко кайрылган. Балыкчы шаардык соту бул арызды кечээ түнкү 12ге дейре карап, чечим чыгарууну бүгүнкүгө калтырды. Ошол эле учурда Кубанычбек Кадыровдун мындай аракетин жеңишке жеткен талапкер Максат Абакировдун жактоочулары депутаттык мандатты берүүнү создуктуруу үчүн жасалган кадам катары баалашып, нааразылык билдирип чыгышты.(SM)

XS
SM
MD
LG