Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

« АК ЖОЛ…» АТ ЖОЛГО АЙЛАНБАЙБЫ?


«Агым» гезити аркылуу кечээ күнкү саясый окуяга баасын берген депутат Азимбек Бекназаров, Башмыйзамдын учурда колдонулуп аткан 2003-жылдагы редакциясы да, 1998-жана 1993-жылдары кабыл алынган Конституциялар да мамлекет башчысынын саясый партия түзүүсүнө жол бербейт, демек Бакиев «өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип жатат, буга байланыштуу «Асаба» партиясы билдирүү жасайт деп билдирди.

Гезит ошондой эле азык-түлүк кризиси эегемен кыргыз тарыхында эчен ирет болгонун, бирок андагы президент А.Акаев анын себеп-жөнүн айттырбай түшүнүп, караңгыдан көз таап кеткенин, ал эми президент К.Бакиев мамлекеттин сарамжал сандыгында канча эгин барын экономикалык өнүгүү министрлигинен эмес, абалы базардан же бажыканадан сураса болмоктугун, жок эле дегенде өзү түздөн түз көзөмөлдүк кылган Мамматрезервден сураса жарашмагын… Бирок сурабаганын. Сурабаганынын себеби: ал агенттикти эки жолу соттолгон Жумасалык Нуржанов башкарарын, ага үчүнчү кылмыш иши сотко өтөрдө дал ушул президент К.Бакиев өз өтүнүчү менен бошотуп алганын баяндады..

Бакиев тарабынан сунушталып аткан Конституциянын 4 статьясынын 5-беренесинде «Жер менен кошо жаратылыш ресурстары, тагыраак айтканда кенбайлыктар дагы жеке менчикте болушу мүмкүн» деп жазылганын, эми ага ылайык кенбайлыктарды жеке менчикке берсек, анда аларды кыргыздар эмес-америкалыктар, орустар, түрктөр, кытайлар, немистер сатып аларын, мунун ХИПИКтен айырмасы жоктугун, анткени ХИПИКте да кен байлыктарды күрөөгө койсо болот деген шарт болгонун, анткени дүйнөлүк шылуундарга кыргыз эмес, кыргыздын жери, анын кен байлыктары керек болуп жатканын… Мына кечээ эле Үзөңгү Куушту сатып жиберип, бүгүн ал жакта кытай 7 миллиард куб суу сыя турган суу сактагыч куруп жатканын, ошондуктан 4 статьянын 5-беренесин тез арада оңдобосок төртүнчү сатья кыргызды так төбөдөн урарын сөз кылды академик Омарбай Нарбеков.

«Кыргыз руху» гезити ошентип президент Бакиев төрагалык кылган саясый партия түзүлүп, аты «Ак жол, Кыргызстан!» деген атка ээ болгонун, эсиңиздерге түшсө, кезинде Бермет Акаева түзгөн партия да ушуга үндөш «Алга, Кыргызстан!» деп аталганын, Бакиев бийлиги да Акаев чапкан жол менен кыйшайуусуз баратканын, демек бүгүн карапайым эл менен бийликтин ортосундагы ажырым дагы тереңдегенин, ажонун «Ак жол, Кыргызстан!» аттуу партиясынын түзүлүүсү менен эл экиге- Бийликке жана Оппозицияга, Байларга жана Кедейлерге, Унду кымбаттатуучуларга жана Унду кымбат сатып алуучуларга, Керектүүлөргө жана Керексиздерге бөлүндү деп баа бергенге үлгүрдү.

«Кыргыз туусу» гезити «Ак жол» элдин таламын талашат деп жазды.

«МСН» гезити Маскөөдө-«Единая Россия», Астанада-«Нур Отан» аттуу бийлик партиялары түзүлдү эле андан эчким эч нерсе болуп кеткен жок, кайра бул өлкөлөрдө башаламандык азайды, саясый биримдик пайда болду деп белгилеп, маселен Адил Турдукулов өңдүү жаш саясатчылар форумунун активдери тескерисинче Кыргызстанда дал ушундай «Акүй» тарабынан башкарылган партия түзүлгөнүн оң баалап, колдоп жатканын кеп кылды.

«Белый пароход» гезити Конституциянын референдумга коюлуп жаткан жаңы долбооруна жаратылыш байлыктарын жеке менчикке берүү беренеси киргизилгенин… Эми муну менен бийлик элди тигил же бул чечимдерге таасир берүү укугунан ажыратып эле тим болбостон эң кымбат деген -Жерден жана анын байлыктарынан да ажыратканы калганын кабарлады. Эмне үчүн Башмыйзамга ушундай бомба коюп коюшту? Кокус бул сунуш референдумдан өтүп кетсе Кыргызстан автократиялык өлкө эле эмес, феодалдык түзүлүшкө айланарын, кубаттуу жер ээлөөчү капиталисттер менен аларга жалданып жан бакан мандикерлер табы пайда болорун… Президент Бакиев акыры Конституциялык реформага чекит кое турган кез келди деп айтканын, а чынында чекити-мекити жок эле Кыргызстандын буга чейинки демократиялык жетишкендиктерине крест кое турган кез келгенин… Анан бара-бара Борбордук аянтка Бакиевдин айкелин коюшарын… Ошентип референдум өтүп кеткенден кийин Кыргызстанды кескилеп сатып башташарын, Ысык-Көлдү бөлчөктөп бөлүп бүткөндөр эми токойлор менен тоолорду, тоо чокуларындагы мөңгүлөрдү бөлүп-бөлүп алып, анан бир четинен чет өлкөлүк сүткорлорго соодалап кирерин жазды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG