Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

13:35 ИИМ Академиясынын студенттери өкмөт менен соттошууга даяр


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында студенттер өздөрү маалымдашты. Алардын айтуусунда 2007-жылдын 5-октябрындагы ИИМ, илим жана билим берүү министрлигинин токтому менен ИИМ Академиясы контракттык негизде окутуу системасын токтоткон. Бул системада окуп келишкен студенттерге 15-октябрга чейин Кыргызстандын башка ЖОЖдоруна которулууну сунушташкан. Буга макул болбогон студенттер өздөрүнүн укугун коргоо үчүн Акыйкатчыга кайрылышкан. Мындан тышкары Биринчи Май жана Свердов райондук сотторуна төрт доо арыз менен кайрылышмакчы. Алар өкмөт, илим жана билим берүү министрлиги, ИИМ жана оздөрү окуп келген Эргеш Алиев атындагы Академия менен соттошууга даяр экендигин кошумчалашты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG