Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

РОССИЯ МЕНЕН КАЗАКСТАН ЧЕТ ЭЛДИК ИНВЕСТИЦИЯГА ТУНДУ


Улуттар уюмунун маалыматына караганда, КМШ өлкөлөрүндө жана Чыгыш Европа мамлекеттеринде түз чет элдик инвестициялардын көлөмү рекорддук дэңгээлге жетип, жалпы эсеп менен 69 миллиард долларды түздү. Анын ичинен эң ири бөлүгү Россиянын үлүшүнө таандык, былтыр чет элдик инвестициянын көлөмү бул өлкөдө 29 миллиард долларды түздү.

Чет элдик инвестрлорду тарткан негизги күч-кен байлыгы болуп кала берүүдө. Мисалы Россияда минералдык байлыктарга чет элдиктердин ээлик кылуусуна орчундуу бөгөт койулганына карабай, энергетика жана металлургия инвесторлорду өзүнө тарткан негизги тармактардан болуп кала берүүдө.

Улуттар уюмунун 15-октябрда жарык көргөн баяндамасына ылайык, Россияга жасалган чет элдик инвестициянын көлөмү 2006- жылы 29 миллиард, Казакстанда 6 миллиард, Украинада 5 миллиард долларды түздү. Баяндамада Россияга жасалып жаткан инвестициянын көлөмү өкмөт кен байлыктарын иштетүүнү толук көзөмөлгө алууга аракеттенип, биргелешкен ишканаларды түзүү, түздөн- түз инвестициялоо, акциянын чакан өлчөмүн чет элдик компанияга сатуу форматын карманганына карабай, быйыл да өсмөкчү.

Баяндаманын авторлорунун бири, эксперт Калман Калотай инвестициялардын мурдагысындай эле агып кирип жатканын энерегиянын таңсыктыгы Россиянын кен байлактарына болгон кызыгууну ого бетер арттырып жаткандыгы менен чечмелейт:

-Россиянын кен байлаыктарына кызыгуу, өлкө чет элдик инвестолорго чектөө коюп жатканына карабай күчтүү бойдон кала берүүдө. Россиянын табыгый байлыгынын бир бөлүгүнө ортоктош болуп, пайда таап калууну көздөгөн инвесторлор акциялардын аз бөлүгүнө эле ээ болооруна, көп салык төлөөрүнө да кайыл,-дейт эксперт.

Борбор Азия жумурияттарынын ичинен чет элдик инвестициялар Казакстандын экономикасына эң көп жасалып, анын кендери менен ишканаларын иштетүүгө былтыр 6 миллиард доллар агып кирди. Россиядай эле Казакстан дагы акыркы убакта табыгый ресурстарын коргоого аракеттенип, бир катар ишкер келишимдерди кайра карап жатат. Бирок анын байлыгынын 48 проценти дале болсо эле чет элдик инвесторлордун үлүшүнө тийүүдө, салыштыруу үчүн айта кетели, Россияда чет элдик компаниялар мунай жана газ тармагындагы ишканалардын 7 процентине гана ээлик кылат.

Россия менен Казакстандан айырмаланып, Азербайжанда чет элдик инвестициянын көлөмү азайды, бул Бакы-Тбилиси-Жейхан мунай куурунун бүткөрүлгөнү менен чечмеленет. Эми республикага мурдагыдай жүздөгөн миллион доллар акча агылбай калды, буга республиканын мунай менен газдан башка байлыгы жокко эсе экени да себеп.

Саясий олку-солкулукка карабастан, инвестициялар Украианага да көп жасалууда. Эгреде "Саргылжын революцияга " чейин Украинага 1 миллиард доллар инвестиция жасалган болсо, 2006- жылы 5 миллиард доллар агып кирди. божомолдонот.

КМШ жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө келип жаткан чет элдик капитал тегиз бөлүнбөйт, анын 82 проценти Россия, Украина, Казакстан, Румыния жана Болгариянын үлүшүнө туура келет, башка өлкөлөргө чогулуп, калган 18 проценти гана тиет.


Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG