-Кечээ президент Бакиев “Ак жол” элдик партиясы түзүлгөнүн билдирген соң, бир катар саясатчылар муну мурдагы президент Акаевдин доорундагы каталарды кайталоо, Орусия менен Казакстанды тууроо катары баалап жатышат. Сиз бул пикирлерге эмне деп жооп берет элеңиз?
-Мен бул пикирлерге кошулбайт элем. Биз 22-сентябрда "Реформа, конституция, өнүгүү" боюнча кыймыл түзүлгөн. Ошол кыймыл ар бир региондо Конституциялык реформаны колдоо боюнча иш жүргүзүп атты. Мен Ысыккөл облусуна бардым, бул кыймылга киргендердин көпчүлүгү чиновниктер эмес элдин арасынан чыккан жөнөкөй адамдар болчу. Ошол кыймылдын негизинде кечээ “Ак жол” партиясы түзүлдү. Президентибиз да айтып атат, бул чиновниктердин, бийликтин партиясы эмес, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кам көрө турган партия болот деп.
-Кечээ “Ак шумкар” партиясынын теңтөрагасы Темир Сариев “Азаттыкка” конституцияга ылайык Бакиев президент болуп туруп, саясий партияны жетектемек тургай, анын мүчөсү болууга укугу жок деп билдирди. Ушундай маанайда айрым саясатчылар да ойлорун айтышты. Сиздин буга жообунуз кандай? Президенттин төрага болушу канчалык мыйзамдуу?
-Президент атуул, гражданин катары бул партияга кирип, анын төрагасы болду кечээ. Бирок Адилет министрлигинен каттоодон өтөөрү менен ал өзүнүн арызын жазып полномочиесин токтотту. Ошон үчүн мен ойлойм атуул катары толук укугу бар деп.
-Президент колдогон партия шайлоо алдында бийликке административдик ресурстарды колдонуп келбейт деп кепилдик берүүгө болобу?
-Административдик ресурстар өздөрү кийлигишиши мүмкүн, бийликтин партиясынан сыртта калбайлы деп. Бирок, чынында административдик ресурс бар жердин баарында эч ийгилик болгон эмес, Акаевдин тушунда деле, кийинки учурларда деле. Ошондуктан эл бүгүн админситративдик ресурсту пайдаланууга абдан каршы. Ошон үчүн бул партиянын мүчөлөрү да ал тууралу катуу ойлонуп атабыз. Эч качан административдик ресурсту колдонууга болбойт.
-Мурдагы президент Акаевдин мезгили тууралу сөз болуп калган соң, кечээ “Ак жол” партиясына 35 адамдан турган саясий кеңеш куралып, сиз да ага мүчө болдуңуз. Байкоочулар тизмеге Аскар Акаевдин “Алга Кыргызстан” чөнтөк партиясында турган адамдар да кирип калганын айтышууда. Муну кандай түшүндүрөт элеңиз?
-“Алга Кыргызстан” партиясына кирип калгандарды мен так билбейт экемин. Мен ал партияда болгон эмесмин. Бирок экинчи жагы бар кээ бир убактарда өзүнүн түз ою бар, бирок кокустан кирип калгандар болуш керек. Муну так билиш керек. Эгерде ошол убакта чын эле камчысын чаап, туура эмес багытты алып жүргөндөр болсо бул жанылыштык деп ойлойм.
-Өзүңүз жакшы билгендей өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаевдин учурунда дагы бийликчил “Алга кыргызстан” партиясы түзүлүп, парламентте ага мүчө болгон 18 депутат бар. Бирок бул партиянын азыр дайыны табылбайт. Ушундан улам президентти колдогон жаңы түзүлгөн партиянын келечеги барбы? Бакиевдин президенттик мөөнөтү бүтсө өзүнөн-өзү жок болуп кетпейби бул партия деген суроолор жаралат?
-Бул партия жөнөкөй адамдардан түзүлүп атат. Ошон үчүн бул партия бүгүнкү бийликке өз сынын, өз жолун айтып, элди түз багыттоого кам көрөт деп ойлойм.
-Маегиңизге ырахмат.