Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 23:24

16:50 Аксылык жабырлануучулар Зоотбек Кудайбергеновду он беш жылга камоону өтүнүп жатышат


Жалалабат шаарында бүгүн уланган сотто түштөн кийин тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Башкы прокуратуранын өкүлү, прокурор Арстан Аракеев соттон ички иштер министринин мурдагы орун басары С. Дубанаевди 10 жылга эркинен ажыратууну, 3 жыл тартип коргоо органдарында иштөө укугунан ажыратууну, Жалалабат облусунун мурдагы прокурору З. Кудайбергеновду 7 жылга эркинен ажыратууну, Жалалабат облустук ИИБнын мурдагы жетекчиси К. Токобаевди 11 жылга эркинен ажыратууну, 3 жыл укук коргоо органдарында иштебөөсүн чечим кылууну өтүндү. Ал эми 2002-жылы 17-мартта окко учкан Эркиналы Четинбаевдин атасы Момунбек Четинбаев Зоотбек Кудайбергеновду 15 жыл эркинен ажыратууну суранды.
Ушул тапта тараптардын жарыш сөзү уланып жатат.
Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкуловдун иши оорусуна байланыштуу, ал эми Жалалабат облусунун мурдагы губернатору Султан Урманаевдин депутаттык кол тийбестигине байланыштуу тергөө убактылуу токтотулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG