Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

АКСЫ СОТУ: ПРОКУРОР ЗООТБЕК КУДАЙБЕРГЕНОВ ЖАЛАЛАБАТТЫ МЫКЧЫП ТУРГАН


16-октябрда Аксы окуясы боюнча Жалалабатта жүрүп жаткан сот кайра улантылды. Түшкө чейинки сотто 2002-жылы март айында Токтогул районунда депутат А.Бекназаровдун соту башталаарында анын тарапкерлерине жасалган кысым көрсөтүүлөр, жол тосуулар туралуу сөз жүрдү. Күбө катары сурак берген ошондогу раймилициянын башчысы Бекназаровдун тарапкерлерине кысым көрсөтүү боюнча облпрокуратурадан көрсөтмө берилбегенин билдирди. Депутат Бекназаров анын сөзүн жокко чыгаруу менен райондук тартип сакчылары облпрокурор менен макулдашып иш кылышканын белгиледи.

2002-жылдын 12-мартында Токтогул районунда депутат Азимбек Бекназаровдун соту башталмак болгон. Депутаттын тарапкерлерин ал жакка өткөрбөө үчүн ички иштер министринин буйругу менен Аксы районунан Алабука жана Токтогул райондоруна чейин унаа жолдор тосулган. Жабырлануучулардын адвокаты Сартпай Жайчыбеков сотто Токтогулда депутаттын 60 тарапкери убактылуу кармалып, бир аялдын колу сынган мисалды келтирди. Нааразы болгондорго укугун кантип коргоонун жол –жоболорун түшүндүргөн укук коргоочу Турсунбек Акун ички иштер бөлүмүндө 8 саат тургандан кийин Бишкектеги телефондук көрсөтмөдөн улам бошотулган.


Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн беш жыл мурдагы башчысы Чыналы Мамадалиев депутаттын жактоочуларына кысым жасалбаганын жана 60 эмес, 10 киши жарым саат тергөөчүнүн кабинетинде убактылуу кармалып турганы менен эч кандай баш аламандык болбогондугун билдирип, облпрокурор Зоотбек Кудайбергеновдон демонстранттарга кысым көрсөтүү тууралу көрсөтмө албаганын маалым кылды. Депутаттын тарапкерлери кимдин буйругу менен кармалып, кийин кимдин көрсөтмөсү менен бошотулганын ал сотто эстей алган жок:

- Ошол жерден бир указание берди да. Ансыз алып келбейт. Административдик протоколду ким түзгөнүн эстей албай калдым, ал протоколго мен кол койгом. Бирок акт түзүп туруп, мен кол коюп кое бергенбиз.

Райондук ички иштер бөлүм башчысынын мындай көрсөтмөсүн депутат Азимбек Бекназаров жокко чыгарды. Анын соттогу көрсөтмөсүнө ылайык, тартип сакчылары облпрокурор Зоотбек Кудайбергенов менен макулдашып иш туткан. Өлкөнүн булуң-бурчунан Токтогулга жиберилген укук коргоо жана бажы кызматкерлерине чейин курал-жарак кармап жүрүшкөн:

- Ошондо Мырзакаримовго бул киши команда бергенде ал аткарбай койгон. Болду, мен тажадым деп Зоотбек экөө менин көзүмчө урушуп кетишкен. Мен туруп калдым. Бир топ урушту. Ошондо Чынаалы биздин жаныбызда турган, азыр эми айтып атпайбы мен көргөн эмесмин деп. Кудайды караш керек да. Силерди Зоотбек Кудайбергенов башкарып жүргөн. Сот процесси болуп атканда, элден мурун силер күбөлөрдүн баарын Зоотбекке алып барып, анан сот залына алып барчусуңар. Эми жок дегенде ушуну айта албайсыңарбы. Бул кишилерди СНБ уюштуруп бергенби, же өздөрү уюштурганбы, кийин райондун прокурору айтып аткан. Сот процессин булар подвалда телевизордон карап отурган, мындай деп айтасың, мен карап отурам деп. Сатаровдон сурасаңар бүт билет,-деп жаный кашайып сүйлөдү Азимбек Бекназаров.

Айыпкерлерди жазага тартууну өтүнгөн Нарын, Чүй, Жалалабат облусундагы укук коргоочулардын жана Садырбек Дубанаев менен Зоотбек Кудайбергеновдун ишмердүүлүгүн эске алуу тууралу Жогорку Кеңеш депутаттары менен Жетиөгүз районунан 521 адамдын колу коюлган кайрылуулар окулду.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG