Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 13:59

АКСЫ СОТУ: СОТТОЛУУЧУЛАРГА ЖАЗА СУРАЛДЫ


Аксы окуясы боюнча Жалалабатта болуп жаткан сотто мамлекеттик айыптоочулар менен Аксы окуясында жабырлануучулардын өкүлдөрү соттолуучуларга кылмышына жараша жаза берүүнү өтүнүштү. Башкы прокуратуранын өкүлү Арстан Аракеев соттон ички иштер министринин мурдагы орун басары Садырбек Дубанаевди 10 жылга, областтын мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергеновду 7 жылга, ички иштер башкармасынын мурдагы жетечкиси Кубанычбек Токобаевди 11 жылга эркинен ажыратууну сурады. Кубанычбек Токобаев өзүнө коюлган күнөөлөр менен макул эместигин билдирди.

Жарыш сөзгө чыккан мамлекеттик аыйптоочулар соттолуучу 3 киши 2002-жылы каргашалуу окуяда кызмат абалынан пайдалангандыктарын белгилешти. Облус прокурору Рыскул Бактыбаев депутат Азимбек Бекназаровдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөндө Аксы окуясы болмок эмес деген пикирин ортого салып, 6 адамдын өлүмүнө алып келген окуяга облустун мурдагы губернатору менен прокурорунун күнөөсү бар экендигин айтып өттү. Башкы прокуратуранын өкүлү Арстан Аракеев айыпталуучулардын күнөөлөрүн тастыктоо менен соттон ички иштер министринин мурдагы орун басары Садырбек Дубанаевди 10 жылга, областтын мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергеновду 7 жылга, ички иштер башкармасынын мурдагы жетечкиси Кубанычбек Токобаевди 11 жылга эркинен ажыратып, алардын укук коргоо уюмдарында иштөөсүнө 3 жылга чейин уруксат бербөө тууралуу өкүм чыгарууну сурады.

Жабырлануучулардын коомдук өкүлү Азиза Абдрасулованын сөзү боюнча 17-март күнү Кербен-Каражыгач жолуна өзгөчө абал киргизилип, жолдо бараткандар мыйзамсыз текшерүүгө туш болгон. Боспиекте жергиликтүү бийлик жана тартип сакчылар менен жолугушкан элдин колунда курал-жарак болгон эмес. Облмилициянын башчысы Токобаев министрге Боспиекке барган тартип сакчыларында канча курал-жарак болгондугу тууралуу маалыматты жиберген:

- ИИБнын начальниги Токобаев ошол кездеги ички иштер министри Акматалиевге жиберген докладдык катында 6 бетинин 6-абзацында “На участке Боспиек находились всего 68 сотрудников ОВД. В том числе отряды милиции специального назначения - 15, ОБП, ППС, УВД – 14, ОВД Аксыйского – 20, Алабукинского – 15. Зам начальник УВД Калбаев, начальник УОР Ракишев имели оружие автомат АКМ-14, табельное оружие АПС-2, ПМ-5, спецсредство, щиты – 28, бронежилет – 15, каски – 28, резиновый ПР-73 – 28” деп жазылган. Демек, Бозпиектин жанында ок атылуучу курал жарактын саны соттук иликтөөдө соттолуучулар тарабынан көрсөтүлгөндөн алда канча көп болгон.

Жабырлануучулардын адвокаты Сартпай Жайчибековдун баяндамасына ылайык 3 соттолуучу тең Аксы районундагы кырдаалды өз көздөрү менен көрүүгө барган эмес. Элдин нааразылыгын жеринде билүүгө кызыгышпаган. 17-март күнү Токобаев телефон аркылуу спецназдарга курал берүү жөнүндө райондук милициянын башчысына көрсөтмө берген, деп айткан Сартпай Жайчибеков мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчүн колдоп чыкты:

- Кимдир бирөөнүн көчөдө жүрүү укугу бузулса, же кайсы бир имарат өрттөлүп, талкаланса, же кимдир бирөөлөрдүн өмүрүнө коркунуч туудурулса анда массалык тартипсиз болду деп эсептөөгө мүмкүн. Бирок Кубанычбек Токобаев мындай нерселер жок экенин билип туруп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жалган маалыматтарды берип, Аксы районуна күчөтүлгөн 25 кызматкерди жөнөтүп, атайын приказды чыгарып, ар кандай блок постторду уюштурууга мүмкүнчүлүк берген. Данияр Кулуевдин 8-томдогу 87-беттеги көрсөтмөсүндө жана соттогу көрсөтмөсү боюнча Калбаевдин айтканын аткарбай, менин башка подразделениеге курал берүүгө укугум жок деп айтса дагы Токобаев телефон аркылуу бул УВДнын көрсөтмөсү деп эсептеп, 4 автомат бергин деген көрсөтмөлөрдү берген, аны аткарууга аргасыз кылган.

Бирок 5 жыл мурда депутат Бекназаровду бошотуу облмилициянын колунан келмек эмес. Тармактык министрдин буйругу менен Токобаев кырдаал курчуган Аксы жана Токтогул районундарына өз орун басарларын жиберген. Анын жообу боюнча буга чейинки соттордо да спецназдарга курал берүү жөнүндөгү буйругу тастыкталган эмес:

- Бир да көрсөтмөдө иш жок. Курал колдонуп, элдин астын тос деген Калбаевдин да, Кулуевдин да, Осмоновдун да көрсөтмөсү жок, далилдер да жок. Муну айыптоочулар дагы, жабырлануучулардын укугун коргоочулары да кайсы жактан алып көрсөтүп атканын мен билбейм, таңкалам. Анан аким Урманаев, губернатор өзү келип соттон көрсөтмө бергенде айтты, аким мага бир нече жолу кабарлады, элдин астына барып келейин деп.

Аксы окуясы боюнча жарыш сөз бүгүн да улантылмакчы.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG