Президент Путин Тегерандагы эки жактуу сүйлөшүүнүн алдында Россия Ирандын ядролук энергияны өндүрүүсүн колдой турганын билдирди:
-Каспий жээгиндеги бардык мамлекеттер өздөрүнүн ядролук энергияны тынчтык максатында эч кандай чектөөсүз өндүрүүгө укуктуу экенин эске алуу менен Ядролук энергияны жайылтпоо жөнүндөгү келишимди жактай турганын ырасташат.
Президент Ахмединежад Путиндин визити алдында Россия телеканалына берген интервьюда эки мамлекет “географиялык, саясый жана маданий жактан да табигый өнөктөштөр” экенин баса белгиледи.
Бирок тарыхка кайрылсак Россия жана Иран узак жылдар бою жоолашып келгенин көрөбүз. XIX- кылымда Орус империясынын аскерлери перстер менен Борбор Азия жана Кавказ үчүн салгылашкан. XX-кылымдын башында россиялык күчтөр Түндүк Персиянынын айрым бөлүгүн басып алып, өлкөнү Британия менен бөлүшүп башкаруунун амалын да кылып көргөн. Советтер союзу менен Британия II-Дүйнөлүк согуш тушунда Персиянын мунайын үзбөй алып туруу үчүн өлкөгө кайрадан басып киришет. Атүгүл, Москва советтик аскерлерди чыгарып кетерден мурда Иранда кол бала өкмөттү да түзөт. Ал эми 1980- 88- жылдардагы Иран- Ирак согушунда СССР Саддам Хусейндин тарабын алат.
Мезгил өзгөрүп, Москва менен Тегерен эларалык саясый майданда өз ара ынак болуп калды. Путин жана Ахмединежад Кошмо Штаттарды “бир уюлдуу саясат” жүргүзүүдө деп жарыша сындап жүрүшөт. Экономиканы алсак, Россия Иранга аба флотун, куралдуу күчтөрүн модернизациялоого, ошондой эле Бушердеги атомдук станцияны курууга көмөктөшүүдө. Ошентип, Москвалык талдоочу Нина Мамедова айткандай, Иран Россиянын маанилүү экономикалык өнөктөшүнө айланган:
-Иран Россия үчүн өтө ыңгайлуу экономикалык өнөктөш. Эки жак мунай, газ жана транспорт тармагындагы долбоолордун үстүнөн чогуу иштөөдө. Албетте, бул долбоорлорго катышуу үчүн Россиянын Иран менен жакшы алкада болгону маанилүү.
Анткен менен, Ирандын атомдук бомба жасоо аракети аныкталса, Россия кыйын абалда калышы мүмкүн. Мунун алдын алып, Путин жакында президент Саркози менен болгон кездешүүдө. Россия Иран менен Тегеран атомдук бомба жасоого умтулбаган шартта кызматташа турганына көңүл бурду. Ошон үчүн, МАГАТЭ непада Ирандын ядролук программасы согуштук максатты көздөгөнүн тастыктап калса, Москва өз позициясын жеңил өзгөртө алат.