Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

ТҮШТҮКТҮН ТҮРҮ ЖАМАН


"Саясат таануучулар Кыргызстандын Түштүгүн Косовонун тагыдыры күтүп жаткандыгын эскертишет. Ошондой эле ал үчүн жүйөлүү далилдерди келтиришет." Мына ушундай тема менен бүгүнкү жаңы санын ачкан «Дело №…» гезити республиканын түштүк аймагын изилдеп чыккан авторлордун бири, саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин суроо-жоопторун жарыялады. Токтогул мырза өз сөзүндө, Түштүктү бүгүн тездик менен исламдаштыруу жүрүп жатканын, ал жерде Жакынкы Чыгыштын диний үгүтчүлөрү үйүр тобу менен жүрүп калганын, Өзбекстан менен Тажикстан коркуп тыйуу салган мечиттер Түштүккө курулганын, ырасмий каттого алынган мечиттердин саны эле 1500гө жеткенин, аталган аймакта айыл өкмөт башчысына караганда бир ирет ажыга барып келген адам алда канча кадыр-барктуу экендигин… кыскасы Кыргызстанды Ислам Республикасына айлантып, халифат тургузуу аракети ачык эле жүрө баштаганын баяндайт.

Гезит кабарчысынын бүгүн бийликте негизинен түштүк кулундары олтурушат, демек түштүктүн бүгүнкү абалына дал ушулар көбүрөөк көңүл бурушу керек эмеспи… деген суроосуна Токтогул Какчекеев, бардык балээнин баары так ушунда жатканын, алар Бишкектин жылуу жеринде олтуруп алышып, түштүктү коргоп аткан киши болуп көрүнүшөрүн, а чын-чынына келгенде бири дагы түштүккө барып жашабай тургандыгын, алар Түштүктү бийликке жетүүчү жолкире белети сыңары гана пайдаланып турушарын, тилекке каршы бийликте бүтүндөй Кыргызстанды бир тилекке бириктире турган инсан жоктугун, эгер атка минерлер ушинтип эле бул маселеге мындан ары карай да көздөрүн жума берсе Түштүк колдон чыгып кетерин айтат. "Демек, кыргыздар шылдың катары кабыл алган, орус политологу Андраник Миграняндын Кыргызстандын Түндүгү-Казакстанга, Түштүгү-Өзбекстанга өтөт дегени чындыкка айланат экен да…" деген суроосуна Токтогул мырза, дал ошондой болушу мүмкүндүгүн, А. Мигранян Кавказ менен Борбор Азия маселесин тереңден билген, өтө олуттуу, сыналган окумуштуу болорун, анын айткандары көбүнчө туура чыгарын, эларалык эксперттердин отчетунда да Кыргызстан башка бирөөлөргө көз карандысыз, өз алдынча өнүгүүгө жөндөмсүз өлкө катары таанылганын, ошентип тагдырдын далай татаал жолунда жок болбогон Кыргыз…айрым саясый ишмерлердин түркөй саясатынын кесепетинен өзүн өзү жок кылып баратканын баяндайт.

«Московский комсомолец Кыргызстан» гезити Бишкек шаарына жаңы эле башчылыкка дайындалган Данияр Үсөновдун кыргыз өкмөтүнүн кымбатчылыкка эки айдан бери шаасы жетпей атканын эки жумада жөнгө салам дегенин белгилеп, жаңы мэр Акаевдын убагында куугунтукка алынып, Бакиевдин тушунда бийликке келери менен Акаевге жана анын жакын туугандарына тиешелүү 200гө жакын кыймылсыз мүлк табылды деп жумурай-журтка жар салып чыккан атка минерлердин бири экендигин, алтургай экс-президенттин жаап-жашырган кенчин издөө үчүн жанынан акча төлөп адвокат жалдаганын, кийин жалдаган адвокаты аферист болуп чыгып таптырбай кеткенин, Данияр мырза же аферисттен, же акаевдын кенчинен, же акчасынан жок олтуруп калганын…кечээ жакында журналисттер менен өткөргөн маалымат жыйынында Канттагы цемент-шифер комбинатына тиешеси жоктугун, «Шампанвинкомбинат» боюнча эчнерсе билбей тургандыгын, «Бител» деген түшүнө да кирбегенин, ал эми өзү кожоюндук кылган «Инэксимбанк» анын жаңы ишине эч кандай тоскоолдук кылбастыгын, Бишкектин азык-түлүк көйгөйүнө ноябрга чейин чекит коерун айтканын маалымдады. Гезит ошондой эле президенттин админстрация башчысы М.Садыркулов өткөндө Арстанбек Ногоевди кызматынан жогорулайт дегенин шилтеме кылып, экс-мэр эми ким болор экен, кайсы сиңирген эмгеги үчүн аны дагы жогорулатканы жатышат же Бишкекти «чоң помойкага» айлантканы үчүнбү деп кошумчалады.


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG