Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: АКСЫ ОКУЯСЫНЫН БАШКЫ КҮНӨӨКӨРЛӨРҮНӨ МЫЙЗАМ УКУРУГУ ЖЕТЕ ЭЛЕК


Жалалабатта Аксы окуясы боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. 16-октябрда тараптарга жарыш сөз берилген. Бул сот жараянына ички иштер министринин мурдагы орун басары Садырбек Дубанаев, мурдагы облус прокурору Зоотбек Кудайбергенов, облустук милициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаев айыпкер катары катышууда. Сот башталгандан бери жалпысынан жыйырмадан ашуун адам күбө катары көрсөтмө берди. Соттун ишине күбө катары катышып жаткан “Азаттыктын” таңкы уктурууларынын маектеши Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров айрым суроолорго жооп берди.

-Бүгүн улана турган сотто эмнелер болору күтүлүүдө жана мындан кийин кандай күтүлбөгөн жаңылыктар болушу мүмкүн?

- Күтүлбөгөн жаңылыктар мындан ары болбойт. Себеби жарыш сөздөр башталып калды. Кечээ мамлекеттик айыптоочулар, прокурорлор соттолуучу Кудайбергеновго өз кызмат абалынын чегинен өтө аша чапкан деп 7 жылга эркинен ажыратууну жана күчөтүлгөн режимде жазасын өтөсүн деп, ал эми Дубанаев менен Токобаевге өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген берене боюнча күнөлүү деп айыптап, 10 жылга эркинен ажыратып, күчөтүлгөн режимде жазаларын өтөсүн деп сурашты соттон. Жабырлануучулар дагы өздөрүнүн суранычын сотко айтышты. Алар ошол прокурордун сураган жазасын колдошуп, кубатташып, сөз сүйлөштү. Бүгүн соттолуучулардын акыркы сөздөрү болот. Ошондуктан кандайдыр бир күтүлбөгөн жаңылык болбойт. Билбейм, ошол акыркы сөздөрүндө дагы бир нерселерди айтып жибербесе, бирок бүгүн жаңы нерсе күтүлбөйт.

-Азимбек мырза, сот кандай өтүп жатат? Сырт жактан анын жүрүшүнө аралашуу же кысым көрсөтүү болгон жокпу?

-Сот негизинен объективдүү, толук териштирүүгө аракет жасап жатат. Анткени ар бир соттолуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн айткан өтүнүчтөрү канааттандырылып, чакырылып, кошумча сурак кылынып, тасмалар изилденүүдө. Ошондуктан эки жумадан бери уланып жаткан сот объективдүү өтүүгө аракет кылууда.

-Өткөндө ошол Аксы окуясынын чыгып кетишине журналисттер дагы себепкер болду, алар туура эмес маалымат таратып, элдин кыжырына тийген деген сөздөр айтылды. Сиздин баамыңызда азыр кырдаал өзгөрдүбү? Массалык маалымат каражаттары кандай чагылдырып жатат сот ишин, дегеле ошол окуяларды?

-Массалык маалымат каражаттарына эгерде күбөлүктөрү болсо, эшик ачык. Каалаган журналист кирип, каалагандай отуруп, баш-аягына чейин тартып, көрсөтүлүп жатат. Эч кандай жолтоо болгон жок. Бул эл арасында кандай чагылдырып жатат? Менин оюмча объективдүү сот залынан тартып алган тасмаларды гана көрсөтүп жатат. Объективдүү эле чагылдырып жатат деп ойлойм. Айрыкча “5-канал”, Жалалалабаттагы “Сентябрь” телеканалдары, “ЭлТР” деген сыналгынын өкүлдөрү ошол жерде жүрүшөт эртеден-кечке.

-Сот аягына чыкканда чыныгы күнөөкөрлөрдүн аты аталып, алар өз жазасын аларына ишенесизби?

-Жок. Менин башынан бери айтып жүрбөйүмбү, бул күнөөкөрлөрдүн үч тобу коомчулукка белгилүү болуп келатпайбы. Биринчи эң башкы күнөөкөрлөр, жогорку даражадагылар. Андан кийин ортоңку баскычтагы күнөөкөрлөр. Андан кийин эң төмөнкү чектеги күнөөкөрлөр. Бүгүнкү күндө ошол ортодогу баскычтагы 3 гана адамдын соту болуп жатат. Негизги башкы күнөөкөрлөр жогорку даражадагы бир топ министрлер, мурдагы башкы прокурорлор, президент, премьер-министр деген киргизилген жок. Ал эми эң төмөнкү баскычтагы Боспиекке келген кишилердин дагы команда берип жүрүп элди аткандардан дагы эч ким жоопко тартылган жок. Ошондуктан ортодогу баскычтагы үч кишинин жоопко тартылышы бул Аксы окуясына толук объективдүү баа берилип, ушуну менен чекит коюлат дегенге таптакыр жатпайт.

-Маегиңиз үчүн рахмат.

Маектешкен Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек

XS
SM
MD
LG