Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

16:49 Курманбек Бакиев арызы жок эле «Жаңы Кыргызстан» партиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылды


Бүгүн-эртең аны Саясий Кеңештин курамынан четтетүү маселеси да каралмакчы. Мындай чечим туурасында «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Саясий Кеңешинин мүчөлөрү, Борбордук аткаруу комитетинин катчысы Өмүртур Асанкабылов жана уюмдун Ош облустук лидери Керим Макеев «Азаттыкка» кабарлашты. Алардын айтымында, Курманбек Бакиев 2002-жылдан бери «Жаңы Кыргызстан» партиясынын, ошондой эле анын Саясий Кеңешинин мүчөсү болчу. 15-октябрда Президент «Жаңы Кыргызстандагы» соратниктери менен кеңешип-таңашпай туруп, өз алдынча «Акжол» партиясын түптөп, атүгүл жетектегенге макулдугун берген. «Кут» партиясынын Оштогу башчысы Аманбай Сатибаев Президент Бакиевдин адегенде Коммунисттик партияны, эми «Жаңы Кыргызстанды» чанганын саясий санаалаштарына жасаган чыккынчылык катары баалап, эми бул туруксуз лидер Кыргызстанды саясий кризистен куткарууга жөндөмсүз деп сынга алды. (АТо)

XS
SM
MD
LG