Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

ЖАКЫРЧЫЛЫК - САЯСИЙ ПРОБЛЕМА


Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда ушул тапта калктын 43 пайызы жакыр. Советтер союзу урап, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан тарта жакырчылыктын денгээлин билүү аракети алгач 1996-жылы жасалган. Ал жылы жасалган изилдөө өлкөдө жакырлар 51 пайызды түзөөрүн көрсөтсө, ал эми 2000-жылы бул сан 63 пайызга жеткен.

Кедейлик ар бир өлкөнүн өнүгүшүнө кедергисин тийгизген көйгөй болгондуктан, БУУнун демилгеси менен 17-октябрь “Жакырчылык менен күрөшүү күнү” деп жарыяланган.

-Жакырчылык эмнеден келип чыгат? Ал мамлекеттин башында тургандардын жакшы иштей албаганынан, экономика кризиске учураганда пайда болот. Жакырчылык асмандан түшпөйт, ал импорттолуп келбейт, аны өзүбүз мамлекетти башкара албай жаратабыз. Андыткан жакырчылык экономикалык эмес, саясий түшүнүк десек болот,- экономист дейт Айылчы Сарыбаев.

Ушуга чейин жакырчылыкты жоюу максатында мамлекет тарабынан бир канча программалар кабыл алынган. Бирок учурда алардын баары токтогон дейт эмгек жана Социалдык өнуктүрүү министрлигинин методология бөлүмүнүн башчысы Валерия Матвеева:

- Ооба, убагында жакырчылыктан арылуу максатында бир канча программалар иштелип чыккан. Анткен менен иш-аракеттер кагаз бетинде гана калып, иш жүзүндө алгылыктуу деле жылыштар болгон эмес. Ушул тапта биздин министрлик өкмөттүк эмес уюмдар менен бирге жакырчылыкты жоюу стратегиясын иштеп чыккан. Анда калктын жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн кандай чараларды көрүү керек, эмне иштерди жасоо зарыл деген суроолорго жооп бар. Ноябрда ал документти өкмөткө тапшырабыз.

Валерия Матвееванын айтымында ушул тапта жакырчылыктын торуна илинген үй бүлөлөргө даректүү жардам көрсөтүлүп жатат. Пенсионерлер, майыптар, багаар-көрөөрү жокторго берилчү социалдык төлөмдөргө 100 сомдон 300 сомго чейин акча кошулду.

Анткен менен Айылчы Сарыбаевдин пикиринде, инфляция өсүп, баалар асман чапчып жатканда жарды үй-бүлөлоргө жарыбаган каражат берүү менен абалды оңдоо мүмкүн эмес:

-Жакырчылыкты жоюу үчүн комплекстүү иш-аракеттерди жасоо зарыл. Мамлекеттин башкаруу системасында реформаларды жүргүзүп, системаны түп тамырынан бери өзгөртүү керек. Экономикалык механизмдерди иштетпесе, баалар улам өсүп, жакырлар көбөйгөндөн көбөйө берет. Ал эми жарыбаган социалдык төлөмдөр кимге жетет?Айына төлөнчү 500 сом менен кимдин курсагын тойгуза аласың?”-, деп суроо салат экономист Айылчы Сарыбаев.

Статистикага назар салсак өлкө боюнча жакыр үй бүлөлөрдүн 51 пайызы элетте жашайт. Алардын 11 пайызы карандай чай менен нан жеп отуруп калгандар.
-Элдин көбү айылда жашайт, аларда болгону жер гана бар. Ошол жерин иштетип киреше табуу үчүн элеттегилерге шарт түзүү керек. Мисалы, кооперативдерди түзсө болот. Буга алгач жаштарды тартса жакшы. Анткени жаштар жакшы идеяларга бай, аларды окутуу да оңой. Эмнеси болсо да жакырчылыкты жоюу үчүн өзүбүз эле аракет кылбасак болбойт,- дейт кочкорлук Топчубек Рысбаев.

Ал эми акыркы мезгилде күч алган кымбатчылыкта начар жашагандарга жардам көрсөтүү үчүн 300 000 үй бүлөгө арзан баада ун берилип жатат.

Айгул Жунушалиева, Бишкек

 

XS
SM
MD
LG