Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

ТҮРКИЯ: ПАРЛАМЕНТ АСКЕРЛЕРГЕ ИРАККА КИРҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРДИ


Төрөкул Дооров, Москва Түркия парламенти өкмөттүк аскерлерге күрд козголоңчуларынын базасы жайгашкан Түндүк Иракка киргенге бүгүн уруксат берген чечим кабыл алды. Добуш берүүгө катышкан 526 депутаттын 507 күрд козголоңчуларына каршы аскердик операция баштоого макул болушту. Өкмөт аскерлерге андай уруксат берилиши сөзсүз эле аскерий операциялар башталат дегенди билдирбей турганын айтат. Ошентсе да, бул жааттагы ушул өңдүү кандай гана аракет болбосун, жалпы региондогу стабилдүүлүккө доо кетириши ыктымал деген кооптонуулар бар.

Көптөн бери Түркиянын көкөйүнө көк таштай тийип жүргөн күрд козголоңчуларынын Күрдстан Эмгекчилер Партиясы, же ПКК, Түндүк Иракта жайгашкан.

Соңку жумаларда чекара аймактарында болгон чабуулдардан кеминде эле 115 түрк аскери көз жумду. Андыктан күрд жикчилерине каршы катуураак чара көрүү чакырыктары да байма-бай айтыла баштады. Ошон үчүнбу, айтор, парламент эми чындап эле зарыл чараларды көрүүгө киришкен окшойт.

Түркиянын премьер-министри Тайып Эрдоган бирок шейшемби күнү ырастагандай, түрк аскерлерине Ирактын түндүгүнө кирүүгө уруксат берилээри менен эле уруш башталат деп айтууга болбойт.

- Парламентте мындай мыйзамдын кабыл алынышы сөзсүз түрдө эле аскерий операция башталат дегенди түшүндүрбөйт. Зарыл чаралар убагы келгенде тийиштүү жерлерде көрүлө берет. Чекарадан сырт жактагы аракеттер – мен муну дагы бир жолу белгилегим келет - террористтерге гана каршы жүргүзүлөт, - деди Эрдоган.

Бирок Түркиянын аракттеринин кесепети тууралуу дүйнөлүк коомчулукта бир топ камтамачылыктар айтылууда.

Кошмо Штаттардагы расмий адамдар, бир чети, Анкара деле 20 жылдан бери ПККнын куралдуу козголоңчуларын эпке келтире албай, зээни кейип турганын түшүнүшөөрүн, бирок Түндүк Иракта аскерий аракеттер башталып кетсе, жалпы региондогу ансыз деле туруксуз абалды ого бетер татаалдаштырып салат го деп чочулап турушканын билдиришти.

Азыркы тынчсыздануулар дүйнөлүк базарда мунайдын баасына да таасирин тийгизди беле, айтор, муназдын ар бир баррелинин баасы 88 АКШ доллларына чейин кымбаттап кеткени кабарланып жатат.

Ирактагы окуялардын айынан ал жерден 4 миллиондой адам башка жерлерге көчүп кетти. Улуттар уюмунун Качкындар агенттиги билдиргендей, эгерде Түркия кандайдыр бир аскерий кадамдарга бара турган болсо, региондон качкандардын саны дагы көбөйөөрү турган иш.

НАТОдон билдиришкендей, баш-катчы Яап де Хооп Схеффер Түркиянын президенти Абдулла Гүлдү сабырдуу болууга чакырды.

Ирактын расмий өкүлдөрү да дипломатиялык мунаса табууга үндөп жатышат. Вице-президент Тарик ал-Хашими Анкарада түрк жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр учурунда, козголоңчуларды басуу вазыйпасында Иракка дагы убакыт керектигин белгиледи.

Мурда Ирак президенти Жалал Талабанинин администрациясын жетектеп келген Камран ал-Карадагинин айтымында, көпчүлүк азыр Түркия Түндүк Ирактагы түрктөргө басымды күчөтөт деп жатат. Ушундай эле аракеттерди Анкара 1990-жылдары да жасаган эле дейт Карадаги.

- Эгер сиз түркиялык гезиттерди барактап көрсөңүз, Түркия азыр буга чейин Сирияга жасагандай эле басым жасаганга аракет кылып жатканын сезесиз. Алар буга чейин Сирияга аябай катуу кысым көрсөтүшкөн. Түркиялыктар Сирия менен чектеш жерлеринде аскерлерин аябай күчтөндүрүшкөндүктөн, акыр аягында расмий Дамаск Күрдстан Эмгекчилер партиясынын лидери Абдулла Очаланды өлкөдөн чыгарып жиберүүгө мажбур болгон эле, - дейт Карадаги.

Иши кылып, бүгүнкү добуш берүүгө карабай, маселени сүйлөшүп эле чечиш үчүн көрүлчү дипломатиялык аракеттер дагы уланат окшойт. Ирактын өкмөтү шейшембиде билдиргендей, алар Түркия менен сүйлөшүүлөрдү улантыш үчүн жогорку деңгээлдеги делегациясын жибергени жатышат.

XS
SM
MD
LG