Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

ПРЕЗИДЕНТ КУРМАНБЕК БАКИЕВ НАРЫН ОБЛУСУНДА БОЛДУ


17-октябрда президент Курманбек Бакиев Нарын облусунда болуп эл менен жолугушту. Бирок жолуга албай элдер эшикте да калышты деп кабарлайт.

550 орундуу Нарын музыкалуу драма театры жык-жыйма болуп элге толуп турду. Президент өз сөзүн элдин көйгөйү болгон кымбатчылык жөнүндө өзгөчө буларга токтолду:

- Биринчиден, ундун, майдын баасы кескин түрдө көтөрүлүп кетти. Мамлекеттик салык комитетинин төрагасы менен сүйлөшкөндө тапшырма берген болчумун. Бул киши ачык эле айтты, текшерип көрүшүптүр, республикага келген буудайдын, ундун санын, алар кандай баа менен келген. Баарын тактаганда, 2,5-3 эсе негизсиз көтөргөн. Эми булардын баарын текшерип аягына чейин чыгасыңар деген тапшырманы алышты булар. Дүйнөлүк тенденция деп эле, коңшу мамлекеттерде ундун, буудайдын баасы көтөрүлдү, элдин саны көбөйүп атат деген туура. Бирок өзүбүздүн кетирген кемчиликтерибизди өзүбүз эмне үчүн айтпайбыз, айдалбаган жерлер боюнча эмне үчүн айтпайбыз.

Сөзүнүн аягында Курманбек Бакиев референдум жөнүндө буларды айтты:

- Нарын облусундагы биздин туугандарыбыз туура түшүнүп өз оюн туура берет деп мен ишенем. Себеби баары үчүн керек болуп калды, бул элдин талабы.

Эки жарым сааттан ашык жолугушуудан кийин эшикте калгандар менен сүйлөшүү үчүн президент бир тараптан эшике чыгып кеткен соң журналисттердин барын милиция кызматкерлери эшике чыгарбай бир топко камап турушту.

Театрды курчаган 200гө чукул Нарын шаарынын жашоочулары жумушсуздук көйгөйлөрүн билдиришти. Атайын президентке жолугууга келип ойлору оңунан чыкпай калган алыскы райондордон келгендер да нааразы болгондорун мындайча билдиришти:

- Өмүрканова Сабыргүл. Президент менен жолугушайын деп келгем, бирок кире албай калдым. Милиция кызматкерлери киргизбей койду.

- Мен пенсия 800 сом алам. 40 кг. ун 1400 сом турат. Мен ушуну айтайын дегем президентке. Бирок жолуга албай калдым.

Аксы окуясы боюнча соттолуп жаткан Кубанычбек Токобаевдин тарапташтары Кочкордон келген экен:

- Кочкордон келдим. Менин уулум Токобаев Кубанычбек Аксы окуясы боюнча соттолуп атат. Бул жерде трайбализм болуп атат. Аксы жактагы оштук туугандардын ишин жаап, ал эми бир тарапты соттоп атышат. Бул туура эмес.

XS
SM
MD
LG