«Чекарасыз репортерлор» уюму жарыя кылган жылдык баяндамада мурдагы постсоветтик республикалардан Украина 93-, Орусия 144-орунду ээлеген. Талдоого алынган өлкөлөрдүн жалпы саны 169 экенин эске алсак, сөз эркиндиги жаатындагы абал анчалык деле чеке жылытарлык эместиги бадырайып ачыкка чыгып турат.
«Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин айтуусунда, кийинки беш жыл ичинде Кыргызстанда сөз эркиндиги жагынан алдыга умтулууга караганда артка чегинүү көбүрөөк байкалууда.
- Ички цензуранын күчөп кетишине биздин журналисттерди сабап кетишкенде тийиштүү жетекчилердин көңүл бурбагандыгы, жетекчилердин жооп кылбагандыгы да таасир берүүдө. Мына, жакында, октябрь айынын башында биздин экинчи журналистибиз өз өмүрү коркунучка капталганына байланыштуу чет мамлекетке чыгып кетүүгө аргасыз болду. Ал Кайрат Биримкулов. Апрелге чейин төрт уруп-согуу болду эле, андан кийин дагы эки журналистти сабап кетти деген маалымат түштү.
«Кыргыз туусу» гезитинин редактор орунбасары Догдурбек Юсупов мурдагы социализм заманына салыштырмалуу журналисттерге оголе көп эркиндиктер берилгенин белгилеп, цензура жоюлганын, бирок да калемдештердин өзүн-өзү тыюусу калып калганын ырастады.
- Азыр эми мурдагыдай «муну чыгар, муну чыгарба» деген уюм жок. Менимче, эркиндик берилген.
Коомдук телекөрсөтүүнүн байкоочулар кеңешинин мүчөсү Элвира Сариева журналисттердин ички тыйымы жок экендигин, бирок да эң таасирдүү маалымдоо каражаты болуп эсептелген көгүлтүр экран бийликке көбүрөөк көз каранды, ал эми басма сөздө эркиндик кадыресе сакталууда деген пикирде.
- Азыр Кыргызстанда жыйырмадан ашуун радио бар. Алардын баары музыкалык форматта иштейт. Жаңылык деле беришпейт. Татаал маселелер чагылдырылбайт. Ал эми телекөрсөтүү боюнча, ага жыштык алыш үчүн көп убакыт, анан да инвестиция кетет. Ошондуктан телекомпаниялар көбүнчө көз каранды, ички цензурага байланган. Гезиттер радио менен телекөрсөтүүгө караганда саясий теманы, жаңылыктарды көбүрөөк беришет.
Бишкек гуманитардык университетинин профессору Тилектеш Ишемкуловдун ырасташынча, биздин журналистикада өзүн-өзү тыюу, кармануу принциби караманча жок.
- Биздеги журналисттердин көпчүлүгүндө кесипкөйлүк билим жок. Анан баягы көндүм жалпак тилге салып бапылдатып жаза беришет. Ошондуктан биздин басма сөздө, мейли өзүн эркин деп санаган, мейли өзүн оппозициялык маанайда деп эсептеген же болбосо коомдук-саясий багытты карманган гезиттердин бардыгы эле, чынын айтканда, биринен бири алыс кетпейт.
«Общественный рейтинг» гезитинин редакторунун орунбасары Турат Акимов Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу сөз эркиндиги кадыресе жайылгандыгын мисалга тартып, бул мурдагы президент А.Акаевдин Батыш өлкөлөрүнүн айткан-дегенин аткарууга илбериңкилиги, экинчи жагынан саясий тажрыйбасынын чукактыгынан улам болсо керек деп эсептейт.
- Сөз эркиндигинин дарбазасын катуу бекитип койсок, биздин мамлекет чоң кырсыкка учурап калат. Ачып койгонго биз көнүп калганбыз. Анан эми болушунча ачып турабыз, бирок эми босогого чалынгандар да бар.
«Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев кийинки эки жылда оппозициялык маалымдоо каражаттары абыдан азайып, телекөрстөүү жагында ал таптакыр жоголгонун, бийликтин жасаган-эткенин сынга алып турчу бирин-экин басылмаларды эске албаганда, дээрлик бир түстүү маалымат мейкини түзүлүп калганын ырастады.
Ушундан улам өткөн жылы Алманиянын башкалаасындагы «Чекарасыз репортерлор» эларалык уюмунун кеңесесине барганыбыз эсиме түштү. Берлинде борборазиялык журналисттер тобуна «Эркин сөздүн душмандары» деген аталышта чыгарылган сүрөт топтомун көрсөтүштү. Анда постсоветтик республикалардан Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Белорусия жетекчилеринин сүрөтү Түндүк Корея, Куба, Непал өкүмдарларынын катарына илинип коюлган экен.