Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН САНДАН САПАТКА ЖЕТИЛҮҮ МЕЗГИЛИ КЕЛДИ


21-октябрда референдумга Конституциянын долбоору менен кошо Шайлоо кодекси да коюлууда. Конституциянын жана Кодекстин талаптарына ылайык шайлоого катышкан саясий партиялар жалпы өлкө боюнча тизмедеги шайлоочулардын 5% добушун жана региондордогу шайлоочулардын 0.5% добушун алса гана Жогорку Кеңешке келүүгө мүмкүнчүлүк алат.

2005-жылы президенттик шайлоого катышуучу шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 562 миң 603 кишинин ысмы киргизилген. Демек, октябрдагы референдумга, андан кийин күтүлүп жаткан парламенттик шайлоого катышуучу шайлоочулардын тизмеси да ушул сандан бир аз гана көбөйүшү ыктымал. Ошондуктан парламенттик шайлоого катышууну көздөп жаткан саясий партиялар өлкө боюнча 125 миңден кем эмес шайлоочунун добушун алууга тийиш. Бул 2.5 миллион шайлоочунун болжолдуу 5% түзөт. Ал эми региондордон кеминде 0.5% шайлоочунун добушун алыш керек. Региондордо калктын саны ар түрдүү болгондуктан, саясий партиялар алардагы шайлоочулардын санына жараша добуш алууга тийиш. Маселен, 525 миңден ашуун шайлоочусу бар Ош облусунан 2600дөн ашуун шайлоочунун, 412 миңден ашуун шайлоочусу бар Чүй облусунан 2100дөн ашуун шайлоочунун, шайлоочусу эң аз Талас облусунан кеминде 600дөн ашуун шайлоочунун добушун алуугаө тийиш. Ал эми Бишкектен 1800дөй, Ош шаарынан 600дөн ашуун, Баткен облусунан 1 миңге жакын, Ысыккөлдөн 1200 жүзгө жакын, Нарындан 700дөн ашуун ал эми Жалалабад облусунан 2300дөн ашуун шайлоочунун добушун алууга тийиш.

Бул талап саясий партиялардын Жогорку Кеңешке келүүсүн бир топ татаалдантты жана алардын биригүүгө мажбур кылган факторлордун бири болуп жатат. Анткени саясий партия мурдагыдай регионалдык бойдон калса, анда парламентке келүүгө мүмкүнчүлүгү болбойт.

«Акшумкар» партиясынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Артыкбаев мындай тосмолордун оң жана терс жактары тууралуу буларды белгиледи:

-Менин оюмча, 0.5% алыш керек деген талап туура болуш керек. Себеби региондордон колдоо албаса, анда улуттук деңгээлдеги партия боло алабы? Анан ошол региондордун проблемаларына көңүл бурулушуна шарт түзүлөт деген ой бар. Бул дурус жагы. Экинчи жагынан (оппозициялык партияларга) тоскоолдук коюу максатында болушу мүмкүн деген ойдомун.

Саясат таанучу Аликбек Жекшенкулов 0.5% алуу талабы партиялардын биригүүсүнө түрткү болуп жатканын белгилеп, буларга токтолду:

-Менин айтаар элем, бардык региондордон чындап келгенде 0.5% бийликтин партиясы гана алышы мүмкүн. Бирок саясатчылар менен жолугушуу жана талдоочулардын пикирлери менен таанышкандан кийин бийликтин партиясы менен оппозициянын партиясы жетиштүү добуштарды чогулта алат деген пикирге келип жатам. Ошону менен парламент экиге бөлүнөт го.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG