Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНА ТАНДОО МЕЛДЕШИ: КЫРГЫЗСТАН-ЙОРДАНИЯ БЕТТЕШЕТ


Бүгүн Бишкектеги «Спартак» стадионунда футбол боюнча 2010 -жылы Түштүк Африка өлкөсүндө өтө турган дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо мелдешинин алгачкы этабында Кыргызстандын тандалма футболчулары Йорданиянын улуттук командасы менен беттешет. Кыргызстандын намысын кимдер коргойт? Борбордук стадион эл аралык мелдеш өткөрүүгө даярбы?

Азия аймагынан 2010-жылы Түштүк Африка өлкөсүндө өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына 43 өлкө талапкер катары мыктыларды иргеп алуу мелдештерине катышууда.

Каражат маселеси учурунда чечилбей Кыргызстан менен Йордания өлкөлөрүнүн беттешүүсү аз жерден үзгүлтүккө учурап кала жаздады.

Бишкектеги “Спартак” стадионунун директору Кадырбек Эргешовдун айтымында стадионду эл аралык талаптарга ылайык оңдоп-түздөө, даярдоо үчүн жүз миң сомдой каражат кетти. Бирок өлкөнүн футбол федерациясы, дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентиги мелдешти уюштурууга эч кандай жардам көрсөтүшпөсө дагы оюнга кирүү үчүн күйөрмандарга 50 сомдон билет сатууда. “Эгер оюнга 20 миң футбол күйөрманы келсе, федерацияга 1 миллион сом пайда түшөт. Ал эми стадиондун кызматын бекер пайдаланып жатышат”,- деп сын пикирин билдирди Кадырбек Эргешов.

Жакында эле Пакистандан жеңиш менен кайтып келген Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун экинчи ирет утуп алган Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын негизги оюнчулары, быйыл Эгемендүүлүк кубогун уткан Кант шаарынын “Абдышата” командасынан жана башка футбол клубдарынан Кыргызстандын тандалма командасы түзүлдү.

Өлкөнүн футбол федерациясынын мелдештерди уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Кадыр Чыныбековдун пикиринде футбол күйөрмандары үчүн кызыктуу таймаш болуп, кыргызстандыктар жеңип алыса 28-октябрда Йорданиянын борбору Омман шаарында жооп иретиндеги оюнга барышат. 2010-жылы Түштүк Африка өлкөсүндө өтө турган дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо мелдешинин экинчи этаптын беттешүүлөрү 9-жана 19- ноябрда болмокчу. Чынында кыргызстандык футболчулар үчүн бул мелдеш кыйынга турчудай. Себеби Эл аралык футбол федерациясынын иликтөөсү боюнча Йордания өлкөсү рейтинг боюнча дүйнө жүзүндө 99-орунда турат. Ал эми Кыргызстан рейтинги боюнча 149-орунда келатканы өлкөнүн футболдук деңгээлин көрсөтүп турат.

Кыргыз жергесине дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоо мелдешине ФИФАнын калыстар тобу келди. Алардын үчөө индиялык жана бирөө вьентамдык.

Ал эми беттешүүнүн комиссары омандык Нассер Аль Риями мелдеш калыстык менен өтөөрүн маалымат каражаттарына билдирди.

Футбол күйөрмандары үчүн Кыргызстандын намысын коргой турган тандалган футболчулардын ысымдарын дагы атай кетели. Команданын дарбазачылары Владислав Волков менен Максим Агапов, коргоочулар Вячеслав Амин, Руслан Сыдыков, Игорь Кудренко, Бакыт Маматов, Радик Водопьянов, Талант Самсалиев, жарым коргоочулар Хуршид Лутфуллаев, Тимур Валиев, Ильдар Амиров, Вадим Харченко, Айбек Бокоев, Даврон Аскаров, Сергей Князев, Эсенкул уулу Чолпон, Владимир Калеутин, Павел Сидоренко, Шевченко, чабуулчулар Алмаз Мирзалиев, Андрей Краснов, Таалай Жуматаев, Азамат Ишенбаев, Роман Корнилов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG