Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

МУГАЛИМДЕРДИН БИРИНЧИ КУРУЛТАЙЫ КАНДАЙ ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛДЫ?


9-октябрда ордо калаада президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда мугалимдердин республикалык экинчи курултайы болуп өттү. Ага Кыргызстандын бардык региондорунан келген миңден ашуун делегаттар катышты. “Азаттык” үналгысынын таңкы уктурууларынын маектеши Ысыккөл областтык билим берүү башкармасынын жетекчиси, мугалимдердин экинчи курултайынын делегаты Догдургүл Кендирбаева.

- Курултайда кандай чечимдер кабыл алынды жана ал чечимдердин мугалимдер үчүн кандай мааниси бар?

-Бүгүнкү күндө курултайдын жүрүшүндө мугалимдер үчүн таасирдүү чечимдер кабыл алынды. Алар негизинен “Кут Билим” гезитине жарык көмөк. Эң негизги маселе балдардын уюшулган тамактарынын баасын жогорулатуу. Ошондой эле мугалимдердин социалдык шартын жогорулатуу үчүн жакшынакай кам көрүү. Бирок негизинен курултайда дагы мындан дагы жогору маселелер көтөрүлүп, жакшы өттү. Бирок мындан дагы орчундуу маселелер чечилет го деп күткөнбүз.

- Айрым байкоочулар агартуучулардын башын кошкон мындай чоң иш-чаранын референдумдун алдында өтүп жатышы бекеринен эмес дешет. Бул пикирлерге эмне дейт элеңиз?

-Бул балким референдумга дал келди болуш керек. Бирок өзүңөр байкагандай, көп деле съездин жүрүшүндө референдум өткөрүү боюнча абдан ачык деле басым коюлуп айтылган жок. Бирок учкай гана ал жерде референдумду өткөрүү зарылдыгы боюнча айтылды. Менин жеке оюм боюнча, референдумду өткөрүү керек. Анткен себеби, негизинен социалдык, саясий, экономикалык өнүгүү үчүн туруктуу шарт түзүү, туруктуу багыт алуу үчүн Баш мыйзамдын тегерегинде иш алып барбасак болбойт. Анын үстүнө жер-жерлерде бүгүнкү күндө массалык саясий мобилизацияга, агитацияга негизинен референдумдун журүшүнө мугалимдер толугу менен катышат. Алардын дагы жогорку деңгэлде өздөрүнүн катышуусу сөзсүз зарыл го деп ойлойм.

- Менде дагы бир суроо бар. Өлкөнүн өзгөчө элет жеринде мугалимдердин жетишсиздиги өтө курч байкалат. Кадрлардын башка ишке өтүп кетүүсүнө бөгөт коюу, жаш мугалимдерди айыл жерине тартуу иштери кандай болуп жатат?

-Бул боюнча үч жылдан бери “Жаш мугалимдин депозити” деген программа иштеп келүүдө. Кечээ бул программа боюнча Ысыккөл облусунда 50 мугалим тандоодон өтүп, дагы каалоочулар көп болуп жатат. Бул программа сөзсүз керек. Бироок менин оюм бул программаны андан ары узартуу зарыл, себеби үч жыл - бир көз ирмем. Ошон үчүн биротоло бекитип калыш үчүн ипотека маселесин чечүү керек. Анткен себеби, балким үч жылдан кийин мугалимдер ошол топтолгон акчасын алып туруп, башка жака кетип калышы мүмкүн. Ошондуктан туруктуу бекитип калыш үчүн мамлекет тарабынан колдоо көрсөтө турган ипотека программасы дагы керек. Экинчиден, жаш мугалимдердин калышынын бирден бир гана себеби эң жогорку көрсөткүчү айлык акынын жогору болушу. Биздин мектептерде мыктынын мыктысы иштеш керек, анткени ар бир ата-эненин бир гана ой-тилеги балам эң мыкты билим алса экен деп. Бирок бүгүнкү күндө бир эң мыкты кадрларды тандоодо чектелип калганбыз. Кыргызстандан керек болсо эң мыкты кадрлар сыртка чыгып кетип жатпайбы.

- Маегиңиз үчүн рахмат.

Маектешкен Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек
XS
SM
MD
LG