Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

МОСКВАЛЫК ПИАНИСТ ЕВГЕНИЙ МИХАЙЛОВ БИШКЕКТЕ КОНЦЕРТ БЕРЕТ


Ушул жумада Бишкекке пианист, Татарстандын эл артисти Евгений Михайлов келет.

Евгений Михайлов Бишкекке үчүнчү ирет келүүдө. Алгачкы чыгармачылык сапары 2004-жылы “Чүй” камералык оркестринин 10 жылдык мааракесине туш болуп, аталган оркестр менен биргеликте өнөрүн тартуулаган. Былтыр Бишкектиктерге жеке концертин тартуулап кеткен. Иш-чаранын уюштурууучусу, улуттук филармониянын көркөм жетекчиси Болот Осмонов билдиргендей пианисттин бул жолку концерти эки саатка созулат, программада Шуберттин, Шопендин, Брамстын жана Скрябиндин чыгармалары ойнолот.

-Негизинен сырттан келген артисттердин көпчүлүгү чоң суммадагы акча талап кылышат. Алардын баары эле мыкты адистер деп айта албайм, ал эми Евгений Михайлов көпчүлүккө таанымал, професионал пианист болгону менен биздин шартка көнүп, көп гонорар сураган жок,- деп билдирди Болот Осмонов.

Евгений Михайлов Москва мамлекеттик академиялык филармониянын солисти жана Казань мамлекеттик консерваториясынын окутуучусу. Буга чейин ал Орусиянын бир катар шаарларында, ошондой Германияда да жеке концертин уюштурган. Бишкекке болгон бул жолку чыгармачылык сапарында концерттен тышкары, улуттук консерваторияда да болуп, устаттык сабактарды өткөрүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.

-Музыканттар, негизи эле көркөм өнөр ишмерлери өз чөйрөсү менен чектелбеш керек. Сөзсүз башка элдердеги кесиптештери менен алакада болуп, тажрыйба алмашуусу зарыл. Өз ишин жакшы билбеген педагогдон да жаңы нерсени үйрөнүүгө болот. Ал эми мындай белгилүү адистин келиши пианистер үчүн жана музыка сүйүүчүлөр үчүн чоң окуя- деди консерваториянын биринчи проректору Орозбай Иманалиев.

Улуттук филармониянын көркөм жетекчиси Болот Осмоновдун айтымында, алдыда дагы дүйнөгө белгилүү музыканттардын келээри күтүлүүдө. Ал эми ноябрь айында орус скрипкачы, дирижер Сергей Стадлердин жеке концерти өтмөкчү.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG