Байкоочу кеңештин курамы бүгүн өткөн алгачкы жыйынында ушундай чечимге келди. 25-октябрда ошондой эле «Ак жол» партиясына кирген байкоочу кеңештин эки мүчөсүнүн кеңештеги укуктары да талкууланат. Жогорку Кеңеш тарабынан байкоочу кеңешке мүчөлүккө макулдук алган Автандил Арабаев менен Керим Турапов президент 15-октябрда жаңы түзгөн «Ак жол» элдик партиясынын саясий кеңешине мүчө болушту. «Улуттук телерадиокорпорация жөнүндөгү» мыйзам байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө саясий партияга мүчө болууга, мамлекеттик кызматта иштөөгө уруксат бербейт.(BuS)