Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:03

«КАМБАРАТА - 2»: ГЭС КУРУЛУШУН ӨКМӨТ ӨЗҮ БҮТҮРМӨКЧҮ


Электр энергиясын керектөө Кыргызстанда жыл сайын 3 – 5% көбөйгөнү менен, жаңы кубаттуулуктар 17 жылдан бери ишке киргизиле элек. Жыл сайын иштелип чыккан 14 – 15 миллиард киловат саат электр энергиянын 12 миллиарды ички керектөөгө жумшалып, калганы коңшу өлкөлөргө сатылат. Жаңы ГЭСтер курулбаса Кыргызстан өзү энергия жетишсиздигине жакынкы жылдарда кабылышы ыктымал. Өкмөттүн “Камбарата – 2” электр станция курулушун аягына чыгаруу аракети мына ушундай зарылдыктан улам чыгууда.

Социализм заманында башталган «Камбарата – 2» ГЭСинин курулушу ушу тапта бир четтен бузулуп, иш улантылбаса буга чейин жасалгандардын баары жараксызга чыкканы туру. Парламент депутаты Райымбек Мамыров буга чейин «Камбарата – 2» ГЭСиндеги иш-аракеттер мурда курулуп калгандарды биротоло бузулуп кетпөөдөн сактоо аракети болчу .

- Жыл сайын 100 – 150 миллион сомдук иш аткарылып жатат. Бул деген жанагы курулган жолдун бузулбашына, казылган каналдын бузулуп кетпешине же болбосо, орустар айтмакчы, мурдагыны «поддерживать» эткенге гана кеткен акча. Биз эч нерсе куралбай жатабыз.


Станцияга чейинки жол, электр энергиясын иштеп чыггуучу агрегаттар жайгашчу жайдын жерпайы казылып, биртоп жумуштар бүтүп калган. Эки жылдан кийин станциянын биринчи агрегатын ишке киргизүү үчүн баш-аягы 5 миллиард ашуун сом каражат талап кылынары да эсептелинип чыккан.

Эң башкысы, курулушту улантуу миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылууга, анан да «Камбарата – 1» ГЭС курулушуна инвестиция тартууга өбөлгө түзмөкчү.

- 2003-жылдан ушу кезге чейин «Электр станцияларынын» каражаты менен «Камбарата – 2» ГЭСинин курулушу өтөле жай жүрүүдө. Быйыл бул жерде 82 миллион сомдук жумуш жасалды. Камбаратадагы электр станцияларынын курулушунун өзгөчөлүгү алардын кезек-кезек менен бүткөрүлүшүнө байланыштуу. «Камбарата – 2» ГЭСинин биринчи агрегаты ишке киргизилгенден кийин эки жыл аралыгында «Камбарата - 1» электр станциясынын курулушуна киришүү керек,- деп маалымдады Кыргызстандын өнөр жай, энергетика, отун-суу ресурстары министри Игорь Чудинов 18-октябрдагы өкмөттүк жыйында.

Министрдин айтуусунда, 2010-жылы «Камбарата – 2» электр станциясынын 2-3-агрегаттарын орноштуруу жумуштары менен жаңы ГЭС курулушу чогуу жүрмөкчү. И.Чудиновдун маалымдашынча, станциянын биринчи агрегатын ишке киргизүүгө биртоп бюджеттик акчалар, акционердик коомдун каражаты сарпталмакчы.

- ГЭСтин биринчи агрегатын ишке киргизүү үчүн болжол менен 5 миллиард сом талап кылынат. Анын 3,5 миллиард сому республикалык бюджеттен бөлүнөт. «Электрстанциялары» акционердик коомунун эсебинен 1,5 миллиард сом которулат.

И.Чудинов ири долбоорду ишке ашыруу үчүн өзгөчө маркадагы цемент чыгарууга Канттагы цемент-шифер, Өзбекстандын Кувасай шаарындагы цемент заводдору даяр экендиктерин, ГЭС курулушуна ушу тапта Орусиянын Бурейск электрстанциясын куруп жатышкан 400 жакын кыргызстандыктар келип иштөөгө макул экенин кабарлады.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев саясий окуяларга кылчактабастан, өкмөт мурдагысындай эле иштей бере тургандыгын ырастады.

- Өлкө бөлүнүп-чачылып жатат деп кыйкырышууда. Мыйзам кабыл алынганда: «Mына эми К.Бакиев менен А.Атамбаев «Камбарата – 2» ГЭСин сатышат», деп чыгышкан. Курулушту өзүбүз эле аягына чыгарабыз. Эгер парламент «Кумтөр» боюнча келишимди бекитип берсе, бул буюрса биринчи гана курулуш болот.

Өнөр жай, энергетика, отун-суу ресурстары министринин орунбасары Акылбек Түмөнбаевдин айтуусунда, курулуштун каржы маселеси чечилген.

- Азыр каржы министрлиги менен маселе иштелип жатат. Каржы министрлиги 2008-жылга тарифтин эсебинен каражатты киргизсе, бул өзү иштей турган долбоор. Иштин көбү бүтүп калган.

«Камбарата – 2» ГЭС курулушунун негизги заказчысы «Электр станциялары» акционердик коому, ал эми ишти «Нарынгидрокурулуш» ачык акционердик коому аткармакчы.

XS
SM
MD
LG