Бүгүн 12 адамдан турган жогоруда аталган комиссия базардагы ун саткандарды, нан жазаган навайчыларды кыдырышып, дан азыктардын бааларын ылдыйлатуу аракеттери жүргүзүлдү. Комиссиянын курамындагы ишмер “Гүлжигит” бей өкмөт уюмунун башчысы Эркин Эшимбаева ун саткандар бажы кызматкерлерине шылтап, ундун баасын кымбат кылып келишкен. Комиссиянын курамындагы бажы кызматкер сатуучуларга кайрылып, унду Казакстандан алып келүүгө тоскоолдук болсо азыр айткыла дегенде, андай болгон эмес деп ал фактыны танышты дейт. 1250 сомдук унду 100 сомго, миң сомдук унду 50 сомго бааларын түшүргөндөрүн, 10 сомдук нанды 8 сомдон сатылсын деп талап кылгандарын билдирди. (UA)