Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

19-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1671-жылдын бу күнү энесайлык кыргыз өкүмдары Еренак сүйлөшүү үчүн келген Красноярскилик бояриндин уулу, чокундук кыргыз Иван Айканды кабыл алган. Камакка алынган А. Сыдыков 1933-жылдын 19-октябрында «Түшүнүк кат» жазган.

1671-жылдын бу күнү энесайлык кыргыз өкүмдары Еренак «атайын» сүйлөшүү үчүн келген Красноярскилик бояриндин чокундук уулу, теги кыргыз Иван Айканды кабыл алган. Сүйлөшүү жыйынтыгы көрсөткөндөй, энесайлык кыргыздар Красноярскинин кашында жашаган качиндик жана ариндик татарлардан албан алына тургандыгын билдирген. Бу убакта Еренактын аскер күчү артып, ал түндүк тарапта орун алган орус кыштактарына олуттуу коркунуч жаратып турган. Кыргыздар тува беги Талай менен бирдикте орус кыштактарын өрттөшүп, империяга түшчү алык-салыкты тартып алып, орус бийлигинин таасирин кетире баштаган. Мындай кырдаал Москванын тынчын алып, чукул чара көрүү үчүн аларга каршы аскер операциясы камдалган.

Кыргыз калкынын Россия империясынын курамына кириши менен коомдук абал өзгөрүп, бай-манаптардын эл ичиндеги таасири азайган. Бирок алар мурдагыдай эле элден алык-салык алууну улантышып, ал өз кезинде, калктын адилет издеп орус бийлигине кайрылуусуна себеп болгон.

Кыргыздардын арызы Пишпек уезддик начальнигинде каралып, 1896-жылдын 19-октябрында түзүлгөн кырдаалды аныктоо маселеси уезддик начальниктин жардамчысы Г. Куватовго тапшырылган. Пишпек уезддик начальнигинин билдирүүсүндө, Шабдан Жантаевдин уезддик масштабдагы кадыры, Чойбек Дыйкамбаевдин Суусамыр болуштугунда баркы бар экендиги айтылат.

Узак жылдар бою уланган А. Сыдыковду каралоо иши «өтөсүнө жетип», ага тап душманы деген жалган жалаа жабылып, саясий ишмер 1933-жылдын май айында камакка алынган. Ага контрреволюциячыл ишкер, Социал-Туран партиясынын өкүлү деген күнөө коюлуп, тергөө иши алты айга чукул уланган. НКВДнын капасындагы адам чыдагыс абал жана тергөө ишинде колдонулган кыйноо ыкмалары ага кырдаалды аныкташ үчүн да 1933-жылдын 19-октябрында «Түшүнүк кат» жазууга түрткү берген. Карандаш менен жазылган «Түшүнүк катта» ал үч пункт менен коюлган күнөө эч негизсиз экендигин жана анын камакка алынышы көрө албастар тарабынан жасалгандыгын билдирген.

Бу күнү, 1821-жылы англис топографы Френсис Грегори, 1882-жылы француз пластик хирургу Поль Бер, 1899-жылы гватемала жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауеаты Мигель Астуриас, 1916-жылы советтк пианист Эмиль Гилельс жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG