- Менин атым Юхан Данилович Бавидов. Москвада 1955-жылдан бери жашайм. Эки өтүкканам бар. Ушул өтүкканада 35 жылдан бери иштейм. Мурда Чехов көчөсүндөгү өтүкканада иштечүмүн. Азыр ал Кичи Дмитровка көчөсү деп аталат.
Бавидовдун чакан күркөсүнөн элдин аягы үзүлбөйт. Большой Театрга жакын жайгашкан күркөнүн терезесиндеги узатасынан тартылган сымда ар кыл түстөгү, узун-кыска боолор илинип турат.
Жасанып кийинге жаш кыз шашылып кирип, алтындай жалтылдаган узун шиш такасын оңдоп бер деп сунду. Көп өтпөй, артынан эскилиги жеткен үч батинкени кагазга орогон улуу жаштагы адам кирди.
Москвадагы өтүкчүлөрдүн көбүндөй эле Бавидов Эвфрат жана Тигр дайраларынын алабында жашап өткөн байыркы ассирийлердин урпактарынан. Бавидовдун ата-энеси осмон империясынын тушунда азыркы Түркиянын аймагында жашашкан. Түрк империясы 1914-жылы ассирийлерди куугунтукка алып, 759 миң чактысын өлтүрүп жок кылган. Ошондо Бавидовдун ата-энеси миңдеген улутташтары менен кошо Орусияга жана Түштүк Кавказга качышкан. Аларга орус падышасы баш калканч берген, бирок ассирийлердин андан кийинки тагдыры жеңил болгон жок:
– Биз Биринчи дүйнөлүк согуштан тартып жаныбызды карч уруп иштедик. Анан 1949-жылы ассирийлердин 90 пайызын Сибирдеги Томск шаарына күч менен көчүрүштү. Көбү Азербайжандан, Грузиядан эле. Алар бизди камакка алганда, силер өзүңөрдү "ассирий эмеспиз, күртбүз" деп айткыла деп мажбурлашчы. Бирок биз көтөрүлүш чыгарганбыз. Биз ассирийлербиз, дайым ассирий бойдон калабыз.
Бавидовдун үй-бүлөсү 1955-жылы акталып чыккан, ошондо ал Москвага келип, армян өтүкчүгө шакирт болуп кирди. Ал кездерде шаардагы ассирийлердин 90 пайызы өтүкчү болчу. Колунан келгендеринин өтүкканасы болгон, жаштары көчөдө отуруп, өтүк ултарышчу.
Бирок бүгүн ассирийлердин урпактары аталарынын жолун жолдогулары келбейт:
– Карылар кетти, жаштар өтүкчү болгулары келбейт. Акылдуу чыгышпадыбы. Кесиптери бөлөк. Мисалы менин төрт балам бар, экөө университетти бүттү, бирөө техникумда окуйт. Алардан өтүкчү чыкпай калды.
Бавидов эски өтүктүн такасын кагып жатты. Бирок бул добуш Москванын көчөлөрүнөн улам аз угулуп барат. Ассирийлер өтүкчүлүктү чангандан эле эмес. Москванын мэри Юрий Лужков жакында баш калаанын көчөлөрүндө каз-катар тизилген миңдеген күркөлөргө каршы согуш жарыялады. Үстүбүздөгү жумада ал телевизордон мындай күркөлөрдө тазалык сакталбайт, көрсөткөн кызматы начар деп, аларды бүт жок кылууга сөз берди.
Бирок Сибирде сүргүндөн, Экинчи дүйнөлүк согуштан аман калган, төрт бала, жети небере, бир чөбөрө көргөн Бавидовдун көңүлү жайдары:
– Ооба, бул тууралуу гезиттен окудум! Бирок Лужков күркөлөрдү кантип жок кылат? Болуптур, алдырып салсын. Бирок анда иштеген кишилерди эмне кылат? Ачкадан өлсүнбү? Аларды ким багат? Бирок мен эмнеден коркушум керек? Аман болсок, көрө жатаарбыз.
Жаңыл Жусубжан, Прага