Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

11:31 Оппозициялык саясатчылар бир партиянын туусунун астында биригиш керек


Мындай пикирин «Атамекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн билдирди. Анын айтымында, оппозициялык партиялар жана саясатчылар жаңы партия түзүүгө үлгүрбөй калышы ыктымал. Анткени мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыяланып калса, жаңы партияны каттоо, курултайын өткөрүү, документтерин даярдоо үчүн көп убакыт керек болот. Ушуга байланыштуу мындай жол менен барса оппозиционерлер үлгүрбөй калышы ыктымал. Ошондуктан азыркы шартта оппозиционерлердин эски, таанымал бир партиянын туусунун астына биригүүсү максатка ылайыктуу, деп белгиледи Өмүрбек Текебаев. (AiT)

XS
SM
MD
LG