Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

15:37 Өкмөт кызматтан кетеер алдында отчетун жарыялады


Анда быйылкы жылдын тогуз айында Ички дүң продукты 8.5% өсүп, өкмөт айыл чарбасына жетиштүү каражат бөлүп, жалпы экономикалык өсүш үчүн реалдуу шарт түзгөнү айтылат. Ошондой эле Кумтөр, Жерүй, Талдыбулак Сол жээк алтын кендери боюнча иштер жөнгө салынып, Камбарата-2 ГЭСин куруу тууралуу тарыхый чечим кабыл алынганы белгиленген. Азык-түлүк кризисин өкмөт ишенимдүү түрдө чечүүгө бет алып, аз камсыз болгон 300 миң үй бүлөгө даректүү жардам көрсөтүлө баштады, пенсия, айлык акыларды үч ай сайын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү, деп айтылган отчетто. Белгилүү болгондой 21-референдумдан кийин өкмөттүн кызматтан кетүүсү каралган. Алмазбек Атамбаев өкмөт башына быйылкы жылы апрель митингинин алдында, март айында келген эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG