Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

16:00 Ооганстанда ЭКУдагы Тышкы иштер министрликтеринин кеңеши өтүүдө


Герат шаарындагы жыйынга Кыргызстандан Тышкы иштер министринин орун басары Э. Ибраимов баштаган өкүлдөр катышууда. ТИМдин маалымат кызматы анда Экономикалык кызматташуу уюмунун (ЭКУ) алкагындагы макулдашуулардын аткарылышына байланыштуу маселелер талкууланып жатканын кабарлоодо. Иш-чара 20-октябрда аяктайт жана жыйынтыгында Герат декларациясы кабыл алынмакчы. ЭКУга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия, Пакистан, Иран жана Ооганстан мамлекеттери мүчө. (EBM)

XS
SM
MD
LG