Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

БХУТТОНУ БОМБА МЕНЕН ТОСУШТУ


Жанкечтилердин Карачи шаарындагы кечээ түндөгү кандуу террорун Пакистан президенти Первез Мушарраф “демократияга каршы жасалган кутумчулук” деп атады. Сегиз жылдык сүргүндөн жаңы эле кайтып келген экс-премьер Беназир Бхуттону коштоп бараткан автокербенде эки ирет бомба жарылып, жүз кыркка чукул кишинин өмүрү кыйылды, жарадар болгондор саны жарым миңден ашты. Кандуу бу кыянатты Улуттар Уюму, Евросоюз, ошондой эле АКШ, Россия, Индия, Австралия жана башка өлкөлөр кескин айыпташты.

Беназир Бхуттону автобуста коштоп бараткан партиялаштарынын бири ырастагандай, адегенде көчөдөгү электр линиясы чартылдап кеткендей болгон, бирок биртке өтпөй машинага жуук жерде экинчи катуу жарылуу болгон соң гана бомба экенин билишкен. Бул учурда Бхутто эс алганы ок өтпөс машинеде биртке кыңкая калган экен, ошондон аман калган.

Пакистандын маалымат министри Тарик Азим Кан Карачидеги бул кыянат өлкөнүн тарыхындагы эң кандуу окуя болгонун ырастады. Экстремисттер Бхутто өлкөгө кайтып келчү болсо дароо көзүн тазалайбыз деп кесенишкенин, анткени экс-премьерди алар АКШнын тарапкери болуп алды деп эсептешерин айтып, министр террорчуларды ошолор айдактаганы айныксыз дегендей тыянак жасады.

Жакында Вашингтондогу сөзүндө Бхутто америкалык аскерлердин жардамы менен Пакистанды ар кошкон экстремисттерден тазалоо зарылдыгын айткан эле.

Окуя үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек. Беназирдин күйөөсү Асиф Али Зардари аялына жасалган кыянат үчүн дароо эле Пакистандын атайын кызматтарын айыптап чыкты. Бхутто Карачиге келер алдында коопсуздук кызматтарынын атайын күчтөрү, армиянын бөлүктөрү тартылып келинген жана экс-премьер өтө турган жолдун баары кылдат текшерилип, зарыл болгон бардык коопсуздук чаралары көрүлгөн. Ошого карабастан террорчулар бомба жардырганга жетишкенине көңүл оодарып, Бхуттонун Пакистан элдик партиясынын жетекчилери буга атайын кызматтар менен бирге армиянын да катышы болушу мүмкүн деген кыяз кылышууда.

Пакистандык журналист Ахмед Рашид экс-премьер айткан көп идеялар армиянын куйкасын куруштурганын, өзгөчө илимпоз-физик Хан ирандыктарга жең ичинен ядролук технологияларды бергени, америкалык аскерлерди козголоңчул Вазирстан аймагында активдүү колдонуу зарылдыгы тууралуу сөздөр армиянын энчисиндеги проблемаларга кийлигишүү катары кабыл алынганын белгиледи.

Ооганстандык мурдагы дипломат Ахмад Сайид болсо Пакистанда чет өлкөгө өтө качкан саясатчыга армия “кылыч” камдап коерун, кокус өлкөгө кайтып келсе, башы кыя чабыларын айтып, муну өзүнчө бир бузулбас салт деп сыпаттады. Бхуттонун мойнунда да ушундай “кылыч” кылактап турган, дейт Сайид.

Бхутто өзү бүгүн өткөргөн маалымат жыйынында бул ишти генерал Зия ул-Хактын тарапкерлеринен көрүп жатканын билдирди. Алардын баары азыр жапырт экстремист жана фанатик болуп кетишкен, деп айтты Бхутто.

Диктатор Зия ул-Хак 70-жылдардын этегинде аскери төңкөрүш уюштуруп, Беназирдин атасы Зулфикар Али Бхуттону бийликтен кулаткан жана кийин дарга астырып салган. Ошондон бери Бхутто менен Зия ул-Хактын кланы сөөк өчтү душман болуп жүрүшөт.

Беназир Бхутто өлкөдө өтө популярдуу, Пакистан элдик партиясынын лидери. Атасы бийликтен кулатылгандан кийин бир нече жыл чет өлкөдө жашаган, кийин эки ирет премьер-министр болуп шайланган. Генерал Первез Мушарраф бийликке келгенде да кайрадан сүргүнгө кеткенге аргасыз болгон. Бирок жакында экөө жарашып, быйыл январдагы парламенттик шайлоодон соң бийликти теңдеп бөлүштүрүп алууну шерттешкен эле. Ошол шартнамага ылайык Мушарраф Беназирге Пакистанга кайтып келген уруксат берген. Карачидеги кечээки кандуу окуядан кийин эми шайлоо январдан кыйла кийинки мөөнөткө которулушу да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG