Массуд Барзани Түркиянын күрддөр жашаган чөлкөмдүн автономдуу өкмөтү менен түз сүйлөшүүгө үндөдү. Ал белгилегендей, кокус түрк армиясы чабуул жасаса, күрд калкы өзүн коргоого алат.
Мындан эки күн мурда Түркиянын парламенти өлкөнүн армиясы Ирактын түндүгүнө кирип, Күрд жумушчу партиясы – ПККнын согушкерлерине каршы операция өткөрүүсүнө уруксат берген эле. ПКК Түркиянын түштүк-чыгышында күрд автономиясын түзүү үчүн 1984- жылдан бери куралдуу күрөш жүргүзүп келүүдө. Андан бери бул жаңжаалдан 30 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды.