Баңгизатарды көзөмөлдөө агентигинин маалыматы боюнча Баткенде маңзаттарды сатууга кынык алган уюшкан топтун мүчөсү отуздан ашык киллограмм апийим менен кармалды. Аталган агенттиктин билдиришинче Лейлек районунун 57 жаштагы тургуну көптөн бери Тажикстандан оор маңзаттарды Кыргызстанга ташып келүү менен алектенип келген. Мурда да ушундай кылмыш менен бир жолу колго түшкөн, бирок күрөө акы төлөп бошотулган. Бул иш боюнча аыр кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (EBM)