“Ар-Намыс” партиясынын борбордук штабынан алынган маалымат боюнча Референдумга “жок” деп добуш берүү тууралуу чечим аз күн мурда партиянын саясий кеңеши өткөргөн жыйында кабыл алынган. Партия төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин айтуусунда добуш берүү участокторунда көз көрүнөө мыйзам бузуулар көп болууда. (ZKo)