Бул шайлоо чөлкөмүндө болгон кабарчыбыз Эдил Сапарбек уулуна айрым студенттер референдумга байланыштуу айылдагы каттоосунан чыгарылып, шаарга убактылуу каттоого отургузулгандыктарын айтышкан. Жатаканада жашагандарга окуу жай жетекчилиги жалпы элдик референдумга барып “ооба” деген жерин белгилегиле деп үйрөтүшкөн. Тил албагандар жатаканадан чыгарылат деп да айтылган. Ал эми ал студенттер атайлап референдумга каршы добуштарын беришкенин билдиришүүдө. (EBM)