Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

20:30 “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы: Административдик ресурс колдонулду, байкоочуларды коркутуп-үркүтүүлөр, акча сунуштоолор болду


Аталган коалициянын бүгүнкү жалпы элдик Референдумдун өтүшү тууралуу жалпыланып берилген маалыматында добуш берүү учурунда административдик чара колдонуулар ачыктан-ачык болгондугу айтылат. Кочкор районунун акими Курманбек Байтереков добуш берүүнүн жүрүшүнө кийлигишип, мыйзам бузууларды каттап отурган байкоочуларды коркутуп-үркүтүүгө чейин баргандыгы, натыйжада коалиция байкоочуларын шайлоо участокторунан алып кетүүгө аргасыз болгондугу, Баткен облусунун №119 шайлоо участогунда Кадамжай райондук администрациясынын кызматкери Сражидин Курмушуев байкоочулар участкалык комиссиянын ишине кийлигишип, байкоочулар менен урушкандыгы маалымдалат. Түп районунун №11 шайлоо участогунда комиссия мүчөлөрү шайлоочуларга “ооба” деп алдын ала белгиленген бюллетендерди бергени катталган. Байкоочулар Таластын №113 участкасында 140 киши добуш бергендигин катташса, участкалык комиссия муну он эсеге көбөйтүп маалымдоодо.
Мындан тышкары байкоочулар менен сүйлөшүүгө, аларга акча берүүгө аракеттер жасалган. Добуш берүү аяктап бараткан учурда айрым участкалык комиссия мүчөлөрү жана жергиликтүү бийлик ээлери байкоочуларды көзүнө илбей үкөккө бюллетендерди пачкалап таштап башташкан, деп жазылат билдирүүдө. Билдирүү ээлери БШКнан аткаруу бийлигинин аракеттерине баа берүүнү жана бийликтин бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларына ишине кийлигишүүсүн токтотуусун талап кылышкан.
БШК мыйзам бузуулар тууралуу жазуу түрүндө арыз-дооматтар түшпөгөндүгүн кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG